Понедельник, Декабря 08, 2025

КУУда Үркүнгө арналган студенттик конференция болуп өттү

002016-жылдын 8-декабрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында Бишкек шаарындагы орто-кесиптик окуу жайлар арасында ““Үркүн” темасы кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларында” аттуу студенттик илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган конференцияны мамлекеттик тил боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, жыйындын ишине ийгиликтерди каалады.

“Кызыл кыргын, кандуу кармаш” чыгармасынын автору, легендарлуу парламенттин экс-депутаты Бактыбек Максутов атайын конок катарында катышкан иш-чарада И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы политехникалык колледждин, К.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы агротехникалык колледждин, И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы колледждин жана Бишкек финансы-экономикалык техникумунун студенттери кызыктуу баяндамаларын жасашты.

Студенттик конференциянын маданий бөлүгүндө Кыргыз улуттук университетинин алдындагы кыргыз-кытай колледжинин студенттери Бактыбек Максутовдун “Тозокко тете күн” драмалык чыгармасынан үзүндүнү театрлаштырылып көрсөтүштү. Аталган колледждин окутуучусу Айнабаева Асель койгон бул оюн залдагы студенттер абдан таасирленүү менен кабыл алынып, аягында дүркүрөгөн кол чабууларга татыды.

Драманын автору Бактыбек Максутов элибиздин тарыхындагы эң кайгылуу трагедия болгон “Үркүн” темасы азыркы учурда жаштардын кызыгуусун жаратып, патриоттук сезимдерин козгогонун баса белгилеп, жаштардын элибиздин тарыхын унутпай, андан сабак алып, келечектерин жакшы жолго баштаарына чоң үмүт артканын билдирди.

Иш-чаранын соңунда конференциянын уюштуруучулары катышуучуларга ыраазычылык билдирип, мыкты деп табылган үч баяндамачыны тиешелүү даражадагы дипломдор, мактоо баракчалары жана белектер менен сыйлашты. Алар:

  • 1-орун: Бейшенов Ислам - И.Раззаков атынданы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин политехникалык колледжинин студенти: “Кандуу 1916-жылды унутпагын, кыргыз!”
  • 2-орун: Жусуп кызы Үмүт - К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин агротехникалык колледжинин студенти: "”Кѳркѳм адабият – доордун күзгүсү”
  • 3-орун: Имашов Нурсултан - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кесиптик-педагогикалык колледжинин студенти: “Үркүн жазуучу Эркалы Өскөналынын “Кудай сүйгөн Куйручук” романында”  

press knu 2016 00

Мамлекеттик тил бөлүмү