Понедельник, Декабря 08, 2025

КУУда жождор аралык "Билге" интеллектуалдык оюну өткөрүлдү

002016-жылдын 8-декабрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында "Инсандык өнүгүү" студенттик клубу жана КУУнун тарбия иштери жана жаштар саясаты боюнча департаменти тарабынан "Тарых жана маданият жылы" менен Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата "Билге" интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты - келечек ээлери болгон жаштарды билим алууга чакырып, китеп окууга кызыктырып жана университеттер аралык достукту өркүндөтүү.

Интеллектуалдык оюнга жалпысынан 11 университеттин тайпалары катышты. Алар:

  • "Келечек" (КТМУ)
  • "Ак жол" (КМЮА)
  • "Уста" (КГУСТА)
  • "Билге ордо" (КМУ)
  • "Жаш канат" (БГУ)
  • "Кут" (КЭУ)
  • "Багыт" (КУУ)
  • "Eastern univer" (Чыгыш университети)
  • “Ойчулдар” (МУК)
  • “Ак дил” (КНАУ)
  • “Ынтымак” (КГУКИ)

Биринчи турда 11 тайпанын ичинен 7 тайпа финалга тандап алынды. Үч сааттан ашык созулган финалдык таймаштын жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

  • 1-орун: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Багыт” тайпасы
  • 2-орун: Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин “Уста” тайпасы
  • 3-орун: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Билге ордо” тайпасы.

Ошентип, “Жусуп Баласагын кубогу” Кыргыз улуттук университетинде калды. Катышкан жана алдыңкы 3 орунду ээлеген тайпаларга сертификат менен китептер белекке берилди.

Мындан тышкары, ташмаштын 5 катышуучусуна “Эң мыкты оюнчу” сертификаты тапшырылды.

Оюндун уюштуруучулары иш-чараны өткөрүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн КУУнун тарбия иштери жана жаштар саясаты боюнча департаментине, “Эл аралык Кыргыздар ассоциациясына” (башкы өнөктөш), “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондуна, “Сабат” кыргыз китеп борборуна жана “Прогресивдүү демилгелер” фондуна терең ыраазычылык билдирет.

Айтмакчы, оюн жыл сайын КУУда өткөрүлө турган болду.

press knu 2016 00

Турарбеков Тилек – жаштар иштери боюнча бөлүмдүн координатору