Вторник, Января 13, 2026

Кутман курагыңыздар кут болсун, урматтуу журфактын педагогдору!

002016-жылдын 2-декабрь күнү башкы корпустагы чоң жыйындар залында журналистика факультетинин көч башында туруп, өздөрүнүн таалим-тарбиясын, тажрыйбасын бүтүндөй кыргыз журналистикасынын айдыңына жана, албетте, келечек муундарга берген, тумардын үч белгисиндей болгон педагогдор Абдыганы Халилов, Абдиламит Матисаков жана Айна Дүйшекееванын “60 жаш” кутман курак мааракеси болуп өттү.

Салтанатка көптөгөн сыйлуу коноктор келип, филология илимдеринин кандидаты, PhD доктору, КТРКнын байкоо кеңешинин мүчөсү Абдыганы Дарманбекович Халиловго; журналист, публицист, Кыргыз маданиятына эмгек сиирген ишмер, КУУнун ардактуу профессору Абдиламит Мурзаевич Матисаковго жана филология илимдеринин кандидаты, доцент, журналистика факультетинин деканынын м.а. Айна Талгарбековна Дүйшекеевага куттуктоо сөздөрүн айтышып, белектерин беришти. Алар:

  • Эрмека Лайлиева - КУУнун илимий иштери боюнча проректору;
  • Кубанычбек Жумабеков – КУУнун кесип бирлигинин төрагасы;
  • Кыргыз улуттук университетинин декандар корпусу;
  • Жылдыз Бакашова – А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын директору;
  • Аскар Бекбоев – Эмгек жана социалдык мамилелер академиясынын президенти;
  • Абдимухтар Абилов – “Эркин-Тоо” гезитинин башкы редакторунун орун басары;
  • Тынчтык Нурманбетов – Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын 1-орун басары;
  • Абдиламит Жумашев – “Жетиген” журналынын башкы редактору;
  • Айша Алиева, Бактыгүл Чотурова, Жыпара Исабаева, Назира Кадыева - журналисттер;
  • Бегалы Тагаев - философия илимдеринин доктору, профессор (журналистика факультетинин атынан).

Салтанаттын журүшүндө юбилярлар тууралуу кыскача видео-сюжеттер жана алардын кесиптеш, санаалаш, курбу-курдаш, дос-жолдошторунун видео-куттуктоолору берилип, студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа көрсөтүлдү. Алардын ичинен, маараке ээлерине студенттердин арнап жазган ырлары өзгөчө болду. Албетте, бул куттуктоолор аркылуу эжей-агайлардын келген меймандардын, жамааттын жана студенттердин арасында урмат-сыйга ээ, кадыр-баркы күчтүү экени билинип турду.

Кеченин соңунда келген меймандарга сый-тамак уюштурулду.

Журналистика факультети өз учурунда юбилярларга узун өмүр, чексиз бакыт, бакубат жашоо, түгөнбөс руханий байлык жана дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайт! Аман болуңуздар, бар болуңуздар! Биз сиздер менен сыймыктанабыз!                        

P.S.

Аталган кеченин демилгечилери, уюштуруучулары болгон факультеттин улук окутуучусу Элмира Кылычбаева, окутуучусу Үмүт Джанузаковага жана жалпы жамаатка ыраазычылык билдиребиз!

Жылдыз Туратбекова - факультеттин пресс-борборунун кызматкери