Все новости
Другие новости
Юрколледждин студенттери Ак үйгө экскурсияга барышты


Юрколледждин студенттери Ак үйгө экскурсияга барышты
19.10.2016 09:55
2016-жылдын 17-октябрь күнү юридикалык колледждин студенттери Ак үйгө экскурсияга барып келишти. Эң алгач алар Жогорку Кенештин жыйындар залында өтүлгөн сессияга катышты. Андан кийин эл өкүлдөрү менен коноктор бөлүмүндө бетме-бет кездешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, ойго салган суроолорго жооп алышты.
Саякат учурунда студенттер имараттын ичин толугу менен кыдырып, китепкана жана компьютердик зал менен таанышты. Болочок юристтердин айтымында, бул иш-чара аларга өзгөчө таасир берип, кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.