Пятница, Марта 28, 2025

№5-жатаканада "Поэзия кечеси" өткөрүлдү

002016-жылдын 14-октябрь күнү КУУнун 5-жатаканасында "Поэзия кечеси" өткөрүлүп, студенттер Акылбекова Нурай, Шакирова Чолпон, Көкүмбай кызы Гүлжамал, Турабаева Айдана, Турдалиева Айчүрөк жана Орозбекова Айжамал өз ырларын окуп беришти. Жаш таланттардын дараметин акындар Мирлан Алтымыш уулу жана Рысгүл Изатова баалап отурушту.

Иш-чаранын сонүнда калыстардын чечими менен 1-орун Орозбекова Айжамалга, 2-орун Акылбекова Нурайга жана 3-орун Турабаева Айданага ыйгарылып, белектер тапшырылды.

Турарбеков Тилек – жаштар иштери боюнча бөлүмдүн координатору