Воскресенье, Апреля 20, 2025

КУУда Москва шаарындагы өрттөн курман болгондор эскерилди

alt2016-жылдын 30-августунда башкы имараттагы фойеде Москва шаарындагы өрт жана Ош-Бишкек жолундагы жол кырсыгынан курман болгон 25 мекендешибиздин жаркын элесине арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Иш-чара курман болгондорду 1 минуталык эскерүү менен башталды.

Ректор Чынара Адамкулова көз жумгандардын жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөөрүн билдирди жана Улуттук университеттин ректораты аларга 1 күндүк айлык акы өлчөмүндө жардам көрсөтүү демилгеси менен чыккандыгын кабарлады. Ушундай эле чечим факультеттер тарабынан да кабыл алынаары күтүлүүдө.

Ректордун айтымында, быйылкы кабыл алуу өнөктүгү ийгиликтүү аяктап, мерчемделген 3 миң студенттин ордуна 5 миң студент кабыл алынды. Бул факультеттердеги окуу жүгүн (сааттарды) көбөйтүүгө жана ар бир окутуучуга 2 миң сом өлчөмүндө сыйлык берүүгө өбөлгө түздү. 

Чынара Адамкулова о.э. 1-сентябрдан баштап окутуучулардын айлыгы 2 миң сомго көбөйтүлөөрүн да билдирди.

Жыйында чыгып сүйлөгөн КУУнун окутуучу-профессорлору Нурлан Ахметова, Издевалды Искаков, Урмат Алыкулов, Мария Акчекеева, Улан Андашев жана Муратаалы Дүйшөнакуновдор да курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, кесиптештерин Эгемендүүлүк күнү жана Билим күнү менен куттукташты жана жалпы жамаатты туруктуулукка, ынтымактуулукка, конструктивдүү иштерге жана жаңы окуу жылын ийгиликтүү баштоого үндөштү.

Иш чараны мамлекеттик тил боюнча проректор, профессор Назаркул Ишекеев алып барды.

alt

Тема боюнча материал: ИА АКИpress

alt