Ч.Адамкулова: "Реформанын бардыгында студенттер көңүл борборунда"
29.08.2016 12:47
"Улуттук университет" гезитинин 2016-жылдагы №8-саны жаңыдан эле басмадан чыгып, "сыясы кургай элек" кези. Басылманын 2-бетинде КУУнун ректору Чынара Адамкулованын ""Реформанын бардыгында студенттер көңүл борборунда" деген маеги жарыяланды.
Маекти гезиттин кабарчысы Перизат Джаныбекова алып барат.
- Акыркы убактарда жүргүзүлүп жаткан реформалар кандай өзгөрүүлөрдү, ийгиликтерди алып келди?
- Биринчи кезекте Кыргыз улуттук университеттин системасын реформалоодо инстуттарды реорганизациялоодон баштадык. Университеттин алкагында 7 өз алдынча юридикалык өкүлдөр бар болчу, тактап айтканда, юридикалык өз алдынчалыкка ээ жана финансылык автономиялуу институттар. Ар биринин жеке финансылык бөлүмү, бухгалтериясы, банкта төлөм жүргүзүү эсеби каралган. Демек, каражаттарды да өздөрү башкарышкан. Бул өз кезегинде социалдык адилетсиздикти жараткан. Ал институттар Улуттук университеттин имаратын колдонушканы менен алардын айлыгы факультетте иштегендерге караганда кыйла жогору эле. Биз бирдиктүү финансылык саясат орнош керек деп эсептейбиз. Ошондуктан институттарды факультеттерге реорганизициялоо менен эмгек акыны бирдиктүү тарифтик планын орноттук. Мындай иштерди ишке ашыруу менен 60 миллион сом үнөмдөөгө жетиштик. Үнөмдөлгөн акчалар окутуучулардын айлыгын жогорулатууга жумшалды. Бизде бюджеттик, анан контракттык мугалимдер деп бөлүнөт. Аларга берилген эмгек акынын айырмачылыгы 2 миң сомду түзгөн. Башкача айтканда бюджеттик мугалимдер 2 миң сомго аз айлык алышкан. Биз бул айырмачылыкты жоюп, айлык акыны теңдедик. Андан кийин барына бирдей дагы 2 миңге жогорулаттык. Буга чейин тилекке каршы, окутуучулардын айлык маянасы көтөрүлгөн эмес. Андай аракеттер болсо дагы чектелген масштабда жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө окуу жылынын башталышына карата сентябрь айынан дагы 2 миң сомго көтөрүүнү пландап жатабыз. Биздин жасап жаткан реформалар – бул мугалимдердин социалдык абалын жакшыртууга багытталган финансылык саясат. Бул жерде административдик жамаат каралган жок, анткени алар башынан эле салыштырмалуу көбүрөөк айлык акы алып келишкен.
Дагы кандай өзгөрүүлөр болду? Буга чейин бир факультетте ондон ашык кафедра ишмердүүлүгүн жүргүзчү. Мисалы бир факультетте бир окутуу программасы бар. Ал программанын үстүнөн 10-12 кафедра иштейт. Башкача айтканда, бир кафедра эки сабакты алып барат. Ошондуктан факультетте 3 кафедрадан ашык болбошун талап кылган норманы киргиздик. Албетте бул дагы каражаттын үнөмдөлүшүнө алып келип, айлыкты жогорулатууга шарт түздү.
Ал эми акыркы убактарда коомдун көңүлүн бурган окуя конкурстук тандоого байланыштуу болуп жатат. Бул тууралуу айта турган болсом, биз сынактык тандоого барууга мажбур болдук. Анткени, быйыл бизде студенттер 7 миңге азайды. 2012-жылы бакалавр менен магистратура киргизилген. 2016-жылга карата 5 жылдык адистик билим алуу жыйынтыкталмак. Башкача айтканда жыл сайын адистик билим алуунун бүтүрүүчүлөрү бүтүп жатышты. Ага чейин эки система эриш-аркак иштеп жаткан. 7 миң студент – бул 800 штаттык орун. Мен аларды жоюунун башка жолдорун таба алган жокмун. Ошондуктан биз сынактык тандоо жолу менен маселени жөнгө салууну көздөдүк. Ал сынактын жыйынтыгынын айынан учурдагы ар кандай арыздануулар, митингдер уюшулуп жатат. Алардын негизги дооматы түзүлгөн окумуштуулар кеңешинин жобого туура келбеши. Билим берүү министрлигинен тийиштүү кат берилген. Ага ылайык 31 мамлекеттик университеттерде түзүлгөн окумуштуулар кеңеши жобого туура келбейт деп аныкталган. Жобонун өзүндө талаптар так жана даана берилген эмес. Андыктан ар ким өз кызыкчылыгына ылайыктап бурмалап жатат. Мугалимдер бардык декандар, кафедра башчылары кириши керек дешет. Анте турган болсок, алардын талабы боюнча, окумуштуулар кеңешинин мүчөлүгүнө 230 адам кириши керек. Бул албетте ишке ашпай турган көрүнүш. Ошон үчүн биз жыйнактуу окумутуулар кеңешин түзгөнбүз. Ал билим берүү министрлиги менен бекитилген. Кошумчалай кетейин, башка жогорку окуу жайларында окумуштуулар кеңешинин мүчөлүгүн 30-35 гана адам түзөт. Улуттук университетте 43 адам. Бизге коюлуп жаткан дооматтардын бири – административдик жамааттын 60 пайызды түзүшү, башка университтерде 100 пайыз. Бул жерде укуктук акытыдагы көп тил келишпестиктер маселе жаратууда. Анткени анын негизинде түзүлгөн документтер жараксыз деп табылат. Анда берилген жоболор так жана даана берилген эмес. Демек укуктук акытынын өзү өзгөртүлүүгө тийиш.
Дагы бир маселе – актыда окумуштуулар кеңешинин мүчөлүгүндө студенттер да болушу керек деп берилген. Өлкөдө бир дагы университет ал жобону аткарган эмес. Быйыл биз алгачкылардан болуп аны ишке ашырып отурабыз. Анын максаты окуу жайыбызда 23 миң студент билим алат, ошондуктан студенттердин өзүнөн алардын көйгөйлөрү тууралуу билишибиз керек деп ойлойм.
Андан тышкары сессия учурунда экзамен алуунун тартибин өзгөрттүк. Мурда экзамен оозеки түрүндө болгондуктан студенттер мугалимдин артынан көгөргөнчө чуркашчу. Азыр экзамендер жазуу түрүндө алынат. Студент өзү келип, катышып, тапшырмасын жазуу түрүндө аткарыш керек. Мындай ыкманын негизинде жайкы сессиянын жыйынтыгы менен бир нече миң студенттерди окуу жайдан чыгарууга туура келди. Буга чейин бул кемчиликтерди байкоого мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ошондуктан сабакка катышпай эле, сессиясын акча менен бүтүргөңдөр көп болгон. Албетте мындай ачык иш алып баруу көбүнө жаккан жок. Анткени эски схема алардын көмүскө ишмердүүлүгү үчүн өтө ыңгайлуу эле.
Кошумча киргизилген дагы бир эреже – бардык бааларды мугалим өзү маалымат базасына киргизет. Мурда аны курстун менеджерлери ишке ашырып келишкен. Ал жакта дагы өзүнүн коррупциялык системасы түзүлгөн. Ошондуктан биз менеджерлерди ал милдеттен бошотуп, коюлган баалар үчүн мугалим өзү жооптуу болгон системаны киргиздик. Эми ар бир студент онлайн режиминде өзүнүн жана курбуларынын бааларын көрө алат.
Дагы бир киргизилген жаңылык – автоматташтырылган төлөм жүргүзүү. Бизде бухгалтер менен кассилердин сүйлөшүп алып акча уурдаганы ачыкталган. Анда көбүнчө бүтүрүүчү курстун студентери төлөгөн акчалар алардын чөнтөгүнө түшүп турган. Анткени кийинки жылы ал студент окууга келбейт, контракт төлөнгөн жок деген маселе көтөрүлбөйт. Ошентип университетке 4 миллион сомдон ашык чыгым келтирилген. Автоматташтырылган төлөм жүргүзүү системасын киргизүү менен андай кемчиликтер жоюлду. Анткени төлөмдүн бардыгы банк аркылуу ишке ашырылат. Албетте өздөрүнүн көмүскө аракеттерин жүргүзүүгө тоскоолдук жараткан мындай жаңылыктар тийиштүү адамдарга жакпай жатат. Анын натыйжасына барыбыз күбө болуп отурабыз.
Окутуучу жана ага-окутуучу факультеттин окумуштуулар кеңешинен тандалат, ал эми профессорлор менен доценттер - университеттин окумуштуулар кеңеши менен тандалат. Сынактык тандоого байланыштуу маселеде көбүнчө кемчиликтер факультеттердин деңгээлинде кетирилген. Биз алардын ишмердүүлүгүнө кийлигише албайбыз. Албетте буга байланыштуу тийиштүү комиссия иликтөөлөрүн жүргүзүп, чаралар колдонулат.
- Депутат Ырыскелди Момбеков окумуштуулар кеңешинин чечимдери жокко чыгарылышы керек деп комментарий берген экен. Демек, Билим берүү министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия ошонун негизинде текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат да?
- Депутаттык комиссия мекемелер аралык комиссиядан кийин текшерүү жүргүзгөн. Ал текшерүүнүн жыйынтыгында айтып өткөн кемчиликтердин тизмеси берилген. Ошонун негизинде министрдин буйругу чыккан. Биз мамлекеттик уюм болгон соң, биздин жогорку көзөмөлдөөчү мекеме билим берүү министрлиги. Депутаттык комиссиянын бул чечими тийиштүү комитетте дагы каралышы керек. Андан кийин билим берүү министрлигине жана өкмөткө жөнөтүлүп, акыркы чечим кабыл алынат.
- Студенттер канчалык деңгээлде жүрүзүл жаткан реформалардын көңүл борборунда?
- Жүргүзүлүп жаткан реформанын бардыгында студенттер көңүл борборунда. Анткени жасалып жаткан аракеттер студенттердин билим алуусуна болгон мыкты шарттардын түзүлүшүн максат кылат. Ишке ашкан жана аша турган аракеттердин баардыгы Кыргыз улуттук университеттеги билим алууну кызыктуу, заманбап талаптарга жооп бергидей абалга жеткирүү үчүн жасалып жатат.
- Алдыда дагы кандай өзгөрүүлөр күтүлүүдө?
- Биз жаңы факультеттерди түзүүнү пландаштырганбыз. Тилекке каршы, акыркы убактардагы ызы-чуулар толук кандуу иш алып барууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Бизге Индиядан, Түштүк Кореядан улуттук университет менен кызматташууну каалаган инвесторлор келген. Биз биология факультетинде жаңы багыттагы окутууну ачууну ойлогонбуз. Өлкөдө медициналык лабораториялар көп. Бирок алардын сапаты канааттандырарлык эмес экенине министр өзү күбө болгон. Ошондуктан сапаттуу медлаборанттарды даярдоону максат кылганбыз. Индиялык инвесторлор каржылап берип, өзүнчө медициналык клиника салып берүүгө даяр эле. Бирок окуу жай ичиндеги жаңжалдар андай иштерди жүргүзүүгө жол бербей жатат.
Учурда Кытай өкмөтүнөн 1 миллион долларлык грант берилүүсү күтүлүп жатат. Ал үчүн мен Шанхайга барып, тийиштүү иш чараларга катышышым керек. Тилекке каршы, бул жакта болуп жаткан жагымсыз окуялар ал иштерди аткарууга тоскоолдук жаратууда.