Туулган күнүңүз кут болсун, Чынара Усенбековна!
18.08.2016 12:42
Урматтуу Чынара Усенбековна! КУУнун жамааты сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктап, сизге чың ден соолук, үй бүлөлүк бакыт, таалай жана Улуттук университеттин келечеги үчүн жемиштүү, үзүрлүү эмгек каалайт. Окуу жайдын жамаатынын ак-тилеги сизге өзүңүздүн татаал миссияңызды аткарууда күч-кубат жана энергия берсин.
Эмгекке болгон таң калычтуу жөндөмдүүлүгүңүздү, инновацияларга болгон туруктуу умтулууңузду жана жеке харизманызды көп жылдар бою сактай бериңиз.
Жаңы окуу жылынын алдында сизди окуу жылынын башталышы менен куттуктайбыз. Бул жыл сиз үчүн күжүрмөн эмгектин, креативдүү чечимдердин, ошондой эле бакыт, таалай жана бакубат турмуштун жылы болсун!
Кыргыз улуттук университетинин жамааты