

№7-жатаканада Ж.Баласагындын 1000 жылдыгына карата концерт өткөрүлдү
25.04.2016 14:59
2016-жылдын 23-апрель күнү №7-жатакананын азем залында Ж.Баласагындын 1000 жылдыгына карата концерт-сынак болуп өттү. Журналистика факультетинин деканы Айна Дуйшекеева жана мугалимдери катышкан иш-чарада факультеттин жатаканада жашаган студенттери көркөм окуу, ыр ырдоо боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Жыйынтыгында, төмөндөгү номинациялар боюнча сынактын жеңүүчүлөрү аныкталып, алар ардак грамота жана китептер менен сыйланышты.
- "Эң мыкты өнөр ээлери": 1-курстун студенттери Ширин Сеитова жана Уултай Имамидин кызы;
- "Мыкты аткаруучу": Айтолкун Анапия кызы
- "Мыкты көркөм окуучу" 1-курстун студенти Айжамал Бакытбек кызы.
Айжамал Бакытбек кызынын автордук ыры:
Сыймыктанам сени менен окуу жай!
Узак жылды, изди артта калтырган,
Жаштар үчүн, окусун деп салынган.
Мугалимдер, профессорлор бул жерде
Эмгектенип чоң ишения арттырган.
Факультеттин көп түрлөрүн камтыган,
Ар окуучу кыялданып талпырган.
Коюлуптур дүйнө элге белгилүү,
Ойчул Жусуп Баласагын атынан.
Кадыр-барктуу, көрүнүктүү окуу жай,
Көп, белгилүү, таланттарга абдан бай.
Билим алган нечен чыгаан уул-кыздар,
Сыймыктанам сени менен байма-бай.
Материалды даярдаган:
Жылдыз Туратбекова - журфактын пресс-борборунун кызматкери