Пятница, Марта 28, 2025

“Инсандык өнүгүү” клубунун мүчөлөрү Шайлообек Дүйшеев менен жолугушту

alt2016-жылдын 2-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында тарбия иштери жана жаштар саясаты боюнча департаменттин алдында түзүлгөн “Инсандык өнүгүү - КУУ” студенттик клубунун мүчөлөрү Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев менен жолугушуу өткөрүштү.

Келечек ээлери болгон жаштардын атуулдук, мекенчилдик сезимин арттырууга багытталган бул жыйында алгач Кыргыз эл акынынын жашоосу жөнүндө документалдуу тасма көрсөтүлүп, андан соң Шайлообек Дүйшеев өзүнүн чыгармачылык таржымалы, билим-илимдин мааниси, мамлекет жана мекенчилдик, коомдогу көйгөйлүү маселелер ж.б. ой-толгоолору менен бөлүшүп, студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө акындын чыгармачылыгына кызыккан жаштар анын ырларынан окуп да беришти.

Жыйындын соңунда II даражадагы "Манас" орденинин ээси, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, чыгаан журналист, коомдук ишмер, көптөгөн белгилүү китептердин автору Шайлообек Дүйшеев жаштарга өз батасын берип, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди жана жалпы катышуучулар менен эстеликке сүрөткө түштү.

Материалды даярдаган:

Тойжан Джалилова – ТИЖС департаментинин координатору