Все новости
Другие новости
КУУнун профсоюз активистери үчүн семинар өткөрүлдү


КУУнун профсоюз активистери үчүн семинар өткөрүлдү
26.02.2016 18:14
2016-жылдын 24-25-февралында 1-курстун профсоюз активистери үчүн «Студенттик профсоюз активинин социалдык активдүүлүгүн, лидерлик жана профессионалдык сапатын өнүктүрүү жана калыптандыруу» темасында семинар өткөрүлдү.
Иш-чара профкомдун төрагасынын жаштар иштери боюнча орун басары Арууке Азимжанова тарабынан уюштурулуп, сабакты "Адамды өнүктүрүү институтунун» тренери Б.С.Супуев өтүп берди.
Семинарга КУУнун бардык факультеттеринен 60тан ашык профсоюз активистери катышып, алар өзүн-өзү өнүктүрүү, укук коргоо, эл алдына чыгып сүйлөө, акчаны башкаруу жана бизнес баштоо боюнча көптөгөн маалыматтарды алышты.