Все новости
Другие новости
№5-жатаканада “Кош канат” аттуу сынак болуп өттү


№5-жатаканада “Кош канат” аттуу сынак болуп өттү
13.02.2016 11:25
2016-жылдын 12-февралында Улуттук университеттин №5-жатаканасында “Валентин күнүнө” карата “Кош канат” деп аталган сынак болуп өттү. Иш-чараны жатакананын коменданты Суйумкулова Гулнара ачып, сынактын катышуучуларына ийгиликтерди каалады.
Жатакананын ар бир кабатынан бирден жуп чыгып, алап ыр-бий, пантомимолорду көрсөтүштү. Алардын өнөрлөрү абдан кызыктуу болуп, көрүүчүлөргө эстетикалык жана руханий рахат тартууланды.
1,5 саатка созулган мелдештин соӊунда курамына Гулнара эже, студкеӊештин мүчөлөрү Каныбек жана Кундуз кирген сынактын калыстар тобу мелдештин жеӊүүчүлөрүн аныкташты. Баш байгени Мадияр уулу Тилек жана Амиракулова Чолпон алышты.