

Профессор Т.Шейшеканов ТМУдагы конференцияда баяндама жасады
26.02.2016 11:54
"Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы" кафедарсынын башчысы, профессор Турдубек Шейшеканов өткөн жумада Талас мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн “1916-жыл - тарыхта калган өчпөс из” аттуу илимий-тажрыйбалык конференцияга катышып, 1916-жылдагы элдик көтөрүлүштүн тарыхнаамасы тууралуу илимий баяндама жасады.
Профессор Т.Шейшеканов кыргыз элинин тарыхындагы эң каргашалуу окуянын тарых илиминде изилденишине кенен токтолуп, бул проблеманын тарыхнаамасы 3 этапка бөлүнөөрүн көрсөтүп, ар бир этапка илимий анализ берди жана алардын өзгөчөлүктөрүнө кеңири токтолду.
Колониялдык доордо жарык көргөн расмий документтерде, эскерүүлөрдө көтөрүлүшкө берилген ар кандай мүнөздөгү бааларга өз көз карашын билдирди. Турдубек Шейшеканов 1916-жылкы көтөрүлүштү Совет доорунда изилдеген авторлордун илимий эмгектерине да кеңири токтолуп, алардын изилдөө методологиясына, чыгарылган бүтүмдөрүнө талдоо жасады.
Ал о.э. 1916-жылдагы элдик көтөрүлүштүн проблемаларын эгемендик мезгилде иликтөөдөгү жетишкендиктер менен орун алып жаткан кемчиликтерди конкретүү далилдердин негизинде баса көрсөттү.
Баяндаманын соңунда КУУнун профессору бул проблеманын мындан ары карай кандай нукта изилдениши жөнүндө өз оюн билдирди. Илимий баяндама конференциянын катышуучуларынын кызыгуусун жаратты.
Материалды даярдаган:
Жумабек кызы Жыпар - факультеттин кызматкери