

ТИЖС департаменти "Эне тилдин эл аралык күнүнө" карата концерт уюштурду
22.02.2016 15:38
2016-жылдын 22-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында КУУнун тарбия иштери жана жаштар саясаты боюнча департаменти «Жети нур» адабий клубу менен биргеликте "Эне тилдин эл аралык күнүнө" карата чакан концерт уюштурду.
Эне тилди сактоого чакырык таштаган бул иш-чарада Кайрат Примбердиев, Аяна Касымова, Дайырбек уулу Нурбек сыяктуу эстрада ырчылары, опера ырчысы Адия Исмаилов, о.э. «Залкар» тобу, «NoName» командасы, «Excluzive» бий тобу жана жаш төкмө акындар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Тил майрамына карата сынак да өткөрүлүп, анын жыйынтыгын чыгарууга КУУнун мамлекеттик тил бөлүмү жардам кылды. Сынактын жеңүүчүсү болуп жаш акын Алтымыш уулу Мирлан аталды.
Кошумчалай кетсек, «Жети нур» адабий клубу Нооруз майрамына карата да чоң иш-чара өткөрмөкчү. Аталган клубдун эң негизги максаты - руханий жактан эл-жерибизге салым кошуу.
Журналистика факультетинин студенти Таалайбек уулу Мааданбек жетектеген клубдун мүчөлөрү жетимдер үйүнө, карылар үйүнө, кароосуз калган балдар үйүнө, майып адамдар үйүнө барып, поэзия кечелерин өткөрүп, колдон келген жардамдарын берүүнү пландыштырып жатышат.
Материалды даярдаган:
Тойжан Джалилова – ТИЖС департаментинин координатору