Пятница, Марта 28, 2025

Юрколледжде Эне тилдин эл аралык күнүнө карата атайын кече өткөрүлдү

alt2016-жылдын 17-февралында юридикалык колледжде Эне тилдин эл аралык күнүнө карата атайын кече өткөрүлдү. Окуу жайдын мугалимдери жана студенттери катышкан иш-чарада колледждин башчысы, ю.и.к. Мурат Соттикулов студенттерди эне тилде эркин сүйлөгөндү эле билбей, аны башкаларга үйрөтө билүүгө жана аны урматтоого чакырды.

Кечеде студенттер кыргыздын атактуу жазуучуларынын чыгармаларынан көркөм окушту, кыргыз, орус, англис жана корей тилдеринде ырларды аткарышты.

alt