Батма Кошбакова - "Акыл тирек" сынагынын өзгөчө сыйлыгынын ээси
26.09.2014 10:24

2014-жылдын 17-сентябрында Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында «Акыл тирек» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Үстүбүздөгү жылдын май айында башталган бул сынакка "Экономика", "Мамлекеттик башкаруу", "Социалдык долбоорлор" жана "Илимий-техникалык ачылыштар" тармактары боюнча 120 эмгек келип түшүп, анын 74-ү алгачкы экспертизадан өттү жана 12 эмгек жеңүүчү деп табылды.
Белгилүү коомдук ишмер жана ишкер Аскар Салымбеков негиздеген "Прогрессивдүү демилгелер фонду" тарабынан өткөрүлүп жаткан бул сынактын максаты - дʏйнɵ жʏзʏ боюнча атуулдарыбыздын арасынан гениалдуу сунуштарды, жаңычыл жана эффективдүү чечимдерди, о.э. терең изилдɵɵлɵрдү таап чыгуу, колдоо жана алдыга сүрɵɵ менен мамлекетибизде жаңыланууга, масштабдуу ɵзгɵрүүлɵргɵ жана эффективдүү реформаларга жол ачуу. Сыйлык тапшыруу аземи жыл сайын өткөрүлүп, жарыштын женүүчүлөрүнө сыйлыктар жана «Акыл тирек» наамы ыйгарылып келет.
Салтанаттуу иш чараны Аскар Салымбеков ачып бергенден кийин, алып баруучулар 75 номинанттын ысымдарын жарыя кылышты. Алардын ичинде өлкөбүздүн жогорку окуу жайлары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан көрсөтүлгөн жаш илимпоздор да болду.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө 25 миңден 50 миңге чейинки акчалай сыйлыктар тапшырылды. Алар: Жеңиш Нурбек (25 000), Атабаев Нурлан (25 000), Гыязов Айдарбек (25 000), Кыдыралиев Сыргак (25 000), Суюнбаев Мурат (25 000), Жапарова Дамира (25 000), Осмонов Ысман (50 000), Дюшеналиева Эркайым (50 000), Кулданбаев Нурбек (50 000), Сабырова Гүлзат (50 000), Асанов Арстанбек (50 000) жана Молдобеков Болот (50 000) .
«Акыл Тирек» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды "Прогрессивдүү демилгелер фондунун" негиздөөчүсү Аскар Салымбеков; Улуттук Илимдер Академиясынын вице-президенти Алмаз Алдашев; коомдук ишмер, профессор Мурат Жаманбаев; техника илимдеринин доктору, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Төлөмүш Орозалиевдер тапшырышты.
Эксперттик комиссия тарабынан "жеңүүчү" деп табылган 12 эмгектен сырткары, "Прогрессивдүү демилгелер фонду" тарабынан "өзгөчө" деп белгиленген 9 эмгектин авторлоруна да дипломдор, «Акыл тирек - 2014» китептери жана ар бирине 5 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды. Белгилеп кетчү нерсе - бул авторлордун арасында Кыргыз улуттук университетинин жаш окумуштуулар кеңешинин төрайымы Батма Кошбакова да бар. Ал сынакка «Кыргыз элинин социалдык-маданий каада-салттарынын заманбап шарттарда өнүгүүсү» деген эмгеги менен катышты.
Улуттук университеттен аталган сынакка о.э. юридикалык колледждин башчысы, юридика илимдеринин кандидаты Урмат Аманалиев, тарых илимдеринин кандидаты Назира Момошева, юридикалык институттун директорунун тарбия иштер жана эл аралык мамилелер боюнча орун басары Марат кызы Айзада да катышты.
Батма Кошбакова
Кыргыз улуттук университетинин жаш окумуштуулар кеңешинин төрайымы, "Прогрессивдүү демилгелер фонду" тарабынан "өзгөчө" деп белгиленген эмгектин автору, атайын сыйлыктын ээси.
- Ааламдашуу шартында коомдо мурун болуп көрбөгөндөй социалдык өзгөрүүлөр тездик менен өтүүдө. Аларды изилдеп үйрөнүү, калктын сапаттуу турмуш-тиричилигин камсыз кылуу, коомду илимий жактан башкарууну жолго коюу жана бул боюнча маанилүү иш-чараларды иштеп чыгуу бүгүнкү күндүн талабы жана милдети.
- Азыркы учурда интелектуалдык эмгектин бааланбагандыгы кендирди кескен көрүнүш. Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшү руханий дөөлөттүн, маданияттын, илим-билимдин үстөмдүгү орногон маданий-интеллектуалдык абалдын негизинде жаткандыгы анык. Демек, Кыргызстандын оор жүгүн көтөрүүчү күч - бул абийири, дили таза, руху күчтүү, билимдүү интеллигенция өкүлдөрү.
- Бул максатты иш жүзүнө ашырууда мыкты ойчул илимпоздор өз убагында тынчсызданып көтөрʏп чыккан көйгөйлүү маселелерди анализдеп чечүүгө арналган илимий эмгектерин ишке ашырууга Прогрессивдүү Демилгелер Фонду зор мүмкүнчүлүк түзүүдө.
- Менин илимий ишим кыргыз элинин социалдык маданий каада-салт жана үрп-адаттарынын заманбап шарттарда өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн социалдык анализдөөгө арналып, социалдык-маданий каада-салттардын жана үрп-адатардын актуалдуу маселелери, өзгөрүшү, заманбап шарттардагы механизмдери, мүнөзү жана мазмуну социалдык феномен катары изилденди.
- Изилдөөмдүн максаты - кыргыз элинин социалдык-маданий мурастарын, анын улуттук каада-салттарын жана үрп-адаттарын, кыргыз элинин дүйнөтааным баалуулуктарын, алардын тарыхый эволюциясын, Кыргызстандын социалдык-мейкиндигин кеңейтүү жана коомдук мамилелерди иретке келтирүүдөгү алардын инновациялык иш-аракеттерин мамлекеттик деңгээлде ишке ашыруу.
- Менин демилгем - социологиялык анализдин жардамы аркылуу кыргыз элинин сыйынуучулук атрибуттарынын генезисин жана үрп-адаттык жөрөлгөлөрүн калктын улуу муундагы өкүлдөрүнүн элдик каада-салттарга карата реалдуу баалоочулук мамилелерин изилдеп, иштеги корутундулар жана сунуштар аркылуу кыргыз коомунун руханий дүйнөсүнүн байышына, улуттук ан-сезимдин дүйнөлүк цивилизацияда деңгээлин көтөрүүгө өбөлгө түзүү.
- Мен бир кыйла илимий деңгеели, бай салт-санаасы жана жетишээрлик акыл-ой казынасы бар Кыргызстандын туруктуулукка ээ болооруна жана дүйнөлүк цивилизацияда татыктуу орун ээлерине ишенем. Мен бул кайта өзгөртүүгө аз болсо да өз үлүшүмдү кошкум келет».
Сынак тууралуу кошумча маалыматты төмөндөгү булактардан алууга болот:
1) "Прогрессивдүү демилгелер фонду"
2) ИА "КирТаг"
3) ИА "Кабар"
Тел.: (0312) 69-06-67, (0770) 76-01-76
E-mail: fpi.kg@mail.ru
