Экономика жана финансы институтунда "Мамлекеттик тил күнү" белгиленди
25.09.2014 14:54
2014-жылдын 23-сентябрында Экономика жана финансы институтунда мамлекеттик тил күнүнѳ арналган “Ѳнѳр алды – кызыл тил” аттуу салтанат ѳткөрүлдү. Иш-чарага 1-курстун тогуз тайпасынын студенттери катышып, "Макал-лакап айтышуу", "Жаңылмач айтышуу", "Музыкалык номер", "Дубал газеталар конкурсу" жана "Улуттук тамак-аштар кѳргѳзмѳсү" номинациялары боюнча сынактарда ат салышышты.
Калыстар тобу 5 адамдан турду. Алар: Издевалды Искаков - экономика факультетинин деканы, экономика илимдеринин доктору, профессор (төрага); Нургүл Койчуманова - филология илимдеринин доктору, профессор; Карыбек Байбосунов - коомдук илимдер бѳлүмүнүн башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент; Анарбек Алыбаев - математика жана информатика бѳлүмүнүн башчысы, математика илимдеринин кандидаты, доцент жана Айгүл Исакова - педагогика илимдеринин кандидаты, доцент.
Жаңылмач айтышууга чыккан тогуз студенттин үчѳѳсүнѳ тѳмѳнкүдѳй орундар ыйгарылды:
1-орун ФК-1-14 гр. Ибраимов Эсенбек.
2-орун БХ-3-14 гр. Маматжан к. Зияда
3-орун ФК-1-14 гр. Жумакова Наргиза
Макал-лакап айтышууда тогуз группанын балдары тең абдан жакшы даярданып келишкендиктен, баарына беш деген балл коюлду.
Ыр конкурсу боюнча 1-орунга ФК-5-14 гр. Эркинбеков Атай, 2-орунга БХ-2-14гр. Каламбаева Таңсулуу жана 3-орунга ФК-3-14гр. Исабаев Нуртай ээ болушту.
Бий номинациясы боюнча ФК-5-14 гр. Тѳлѳмүшова Айгерим, 2-орун ФК-1-14 группасы, 3-орунга ЭМЭ-1-14 группасы ээ болушту.
Улуттук тамак-аш кѳргѳзмѳсү боюнча 1-орунга ФК-1-14, 2-орунга ФК-3-14, 3-орунга БХ-3-14 группасы ээ болушту.
Дубал газеталар конкурсунан 1-орунду ФК-1-14 группасы алышты.
Жалпы командалык таймашта биринчи орунга ФК-1-14 группасы жеңишке жетишишти.
Кѳркѳм сѳз ѳнѳрүнүн чебери, жаш талант, тѳкмѳ акын Кубатбек Тукешов келип мамлекеттик тил күнүнүн шаңына шаң кошту. Студенттер ѳтѳ кызыгуу менен кабыл алышты.
Материалды дярдаган:
Аскар Кубатбеков - ЭФИнин директорунун жардамчысы