Понедельник, Декабря 15, 2025

КУУнун түзүм жетекчилеринин коллективге кайрылуусу

Урматтуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучулары жана кызматкерлери!

Жаңы окуу жылынын башталышындагы зор маанилүү жана орчундуу окуя – Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректорун шайлоо белгиленүүдө. Университеттин жетекчисин шайлоо менен биз республикабыздагы жогорку окуу жайлардын көч башында турган улуттук университеттин беш жылдык өнүгүүсүнүн жолун жана багытын тандайбыз.

Албетте, баардыгыбызды биздин университеттин келечеги тынсыздандыраары шексиз. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин өркүндөшү жана бийик статусу биз үчүн ар дайым башкы максаттардан боло бермекчи. Бул максат бизди бириктирет, себеби мындан ар бирибиздин жашоо шартыбыз көз каранды. Бирок, КУУнун ректорун шайлоо ырксыздыкты жана карама-каршылыктарды дайын кылат.

Биз бардыгыбыз ректордук кызмат орун үчүн болгон күрөш – окуяларга жана чектен чыккан аракеттерге айланган учурлардын күбөсү болгонбуз. Эки жана андан көп келишпес тараптарга бөлүнүү, алардын каршы туруулары, тынчыбагандардын аркасынан түшүү жана куугунтуктоолор шайлоо компаниясы аяктагандан кийин да уланган учурлар болгон.

Алдыдагы шайлоону биз өзүбүздүн биримдүүлүгүбүз, тилектештигибиз жана бийик маданияттуулугубуз менен жогорку деңгээлде өткөрүүгө милдеттүүбүз.

КУУнун ректорун шайлоодогу мындан мурда болуп өткөн өкүнүчтүү тажрыйбаларды эске алуу менен, университеттин профессордук-окутуучулук курамын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин жана административдик башкаруу кызматкелерин келишүүчүлүккө келүүгө, университеттин артыкчылыктары үчүн биримдиктүү жана бөлүнбөгөн жамат катары өз позициябызда болууга чакырабыз.

Биздин түшүнүгүбүздө бул маселе барыбыздын биригүүбүздү талап кылат. өлкөнүн негизги жогорку окуу жайынын ректорлугуна жаш, келечектүү жетекчи зарыл экендигине учур келгендигин көрүүдөбүз. Биз тандаган жетекчи сырттан келбестен, өзүбүздөн, университетте эмгектенген, жалпы жааматыбызга жакшы таанымал, Улуттук университеттин салттарын сактап жана башкаруунун жаңы, заманбап ыкмаларын киргизе билген, жөндөмдүү уюштуруучу болуусу керек.

Биз жаңылууга акыбыз жок. Туура тандоо менен биз Улуттук университеттин ырааттуу жана динамикалык өнүгүүсүн камсыз кылабыз.

Кесиптештер жана достор!!!

Университеттин ректорун шайлоодо биригүүнүн жана өзүбүздүн биримдүүлүгүбүздү көрсөтүүгө учур келди. Стабилдүүлүк жана ынтымак болгон жерде дайыма ийгилик жана өнүгүү коштоп жүрөт.

alt

alt

Обращение руководителей структурных подразделений КНУ к коллективу