КУУнун делегациясы Кытайга барып келди
02.09.2014 13:59
Кыргыз филологиясы факультетинин 4 окутуучусу [Турусбек Маразыков - факультеттин деканы, ф.и.д., профессор (топтун жетекчиси), профессор Садык Тиллебаев, доценттер Сайра Исаева жана Назик Мараимова], о.э. 12 студенти 2014-жылдын 15-августунан 25-августуна чейин Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автономдуу областына практикага барып келишти.
Кыргыз улуттук университетинин жана Синьцзян педагогикалык университетинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашып жаткан бул жолку иш сапарда КУУнун делегациясы кыргыздар жашаган “Майдан”, “Тегирменти”, “Ыдыраӊ” айылдарынан баштап, “Ак-Чий”, "Ак-Тоо", "Улуу-Чат" оодандарын кыдырышып, ал жактагы "Музбурчактын күмбөзү", "Булуӊ-Көл", "Кара-Көл", "Музтоо-Ата", "Баксөгөт" сыяктуу ыйык жерлерди көрүшүп, улуу манасчы Жусуп Мамайдын бейитинде куран окушуп, анын музейи менен таанышышты.
Эл арасынан чыккан өнөр адамдары, жазуучулар, о.э. белгилүү жомокчу Орозо Кадыр сыяктуу манасчылар менен болгон жолугушуу Улуттук университеттин делегация мүчөлөрүнүн эсинде түбөлүккө калды.
Кытайга алып кетүүчү белектер
Делегация мүчөлөрүн Искендер Исамдинов узатты
Эл өнөрпоздору менен жолугушуу
Ак-Чийдеги жаңы мектеп
Бала бакча балдарды кабыл алууга даяр
Жусуп Мамай чокусу
Жусуп Мамайдын музейинде
Кечки Артыш
Кечки Артыштагы сейил
Ала-Тоолук кыргыз кызы менен кытайлык жигиттин үйлөнүү тоюнда
Кыздын себинен белек
Маданият үйүндөгү машыгуудан бир көрүнүш
"Музтоо-Ата" чокусу
Музбурчак мазарында
Памирге жол тарткан студенттерди төөлөр узата карап калышты
Семетейчи Ороз аксакал менен
Биздин студенттер да өз өнөрлөрүн тартуулашты
Улуу Чат ооданындагы музейде
Таң калтырган Баксөгөт
Материалды даярдаган:
Сайра Исаева - ф.и.к., "Кыргыз адабияты" кафедрасынын доценти