Понедельник, Декабря 15, 2025

Эрмек Усекеев ректордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды

altБул тууралуу 2014-жылдын 22-августунда башкы имараттын “кызыл залында” болуп өткөн жыйында белгилүү болду. Улуттук университеттин түзүм жетекчилери катышкан бул чогулушта КР билим берүү жана илим министри Канат Садыков КУУнун ректору Искендер Исамидинов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулганын жана биринчи проректор Эрмек Усекеев шайлоо өткөрүлгөнгө чейин КУУнун ректорунун милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалганын кабарлады..

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун сөзү:

- Урматтуу Улуттук университеттин жамааты!

- Биздин келишибиздин себеби – коллективди жана ректораттын жетекчилигин Өкмөттүн буйругу менен тааныштыруу. Уруксат берсеӊиздер, ошол буйрук менен тааныштырып койоюн:

"И.Ч.Исамидинов жөнүндө Кыргыз Республикасынын премьер-министринин буйругу.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Исамидинов Искендер Чоӊмурунович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулсун.

Премьер-министр Жоомарт Кайыпович Оторбаев."

- Өкмөттүн буйругунун негизинде Искендер Чоӊмурунович Исамидинов жөнүндө билим берүү министрлигинин да буйругу чыкты:

"1. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Исамидинов Искендер Чоӊмурунович башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу 2014-жылдын 20-августунан тартып ээлеген кызматынан бошотулсун жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Педагогикалык адистерди максаттуу даярдоо институтунун директорлук кызматына дайындалсын.

2. КУУнун биринчи проректору Усекеев Эрмек Жолдошбекович шайлоо өткөрүлгөнгө чейин финансылык документтерге биринчи кол койуу укугу менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорунун милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалсын.

3. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бухгалтериясы Исамидинов Искендер Чоӊмуруновичке тиешелүү төлөмдөрдү жүргүзсүн.

Негизи: КР премьер-министри Ж.Оторбаевдин буйругу, И.Ч.Исамидиновдун арызы."

- Өзүӊүздөр жакшы билесиздер, Искендер Чоӊмурунович ректорлук кызматта турган кезде университетке бир топ инвестициялар тартылып, көзгө көрүнүктүү чоӊ иштер жасалды. Кандай болсо да университетте туруктуулук сакталып турганы - бул абдан жакшы жыйынтыктардын бири деп айтышыбыз керек. Искендер Чоӊмурунович башка жумушка өтүү боюнча мени менен талкуу жүргүзүп атканда коллективдин бул боюнча кандай пикири бар экенин билдирген.

- Искендер Чоӊмурунович университетте өмүр бою, ушул университетти бүтүргөндөн баштап иштеп жүрөт. Ал 18 жыл проректорук кызматта, 12 жыл замдекан, андан кийин 1-проректор да болуп иштеди. Ректор болуп 3 жылдан ашыгыраак иштеди.

- Искендер Чоӊмурунович ректорлук кызматка үстү жактан буйрук даярдалып, “назначение” болуп келген. Азыр болсо мыйзамдар өзгөргөн, шайлоолор болот. Эми бул кызматка өзүӊүздөр шайлап аласыздар.

- Албетте, бул маселелерди талкуулап, чечим кабыл алаардын алдында "Улуттук университетти убактылуу ким жетектеп туруш керек?" деген маселелер чыкты. Шайлоого байланыштуу, учурда иштеп жаткан эле проректорлордун бири болсун деген чечимге келдик. Андан тышкары, ал проректор шайлоого претендент катары чыкпайт деген талап коюлган. Эрмек Жолдошбекович ошол талаптарга макул болуп, сөз берип, сиздердин астыӊыздарда отурат.

- Биз үчүн, чындап айтканда, азыркы учурда эӊ негизгиси – шайлоолорду мыйзамдуу мөөнөттө, 2 айдын ичинде, мыйзамдын талаптары кандай болсо, ошонун баарын так аткаруу менен, коллективди бөлүп-жарбай, ары-бери тынчын кетирбей, кыска мөөнөттө өткөрүү. Өзүӊүздөрдүн ичиӊиздердеги же сырттан келген талапкерди карап көрөсүздөр. Мыйзам боюнча, “выдивижение” кафедра, факультет, институттардан боло башатайт. Анын тартиптери атайын жоболордо жазылган. Аладын негизинде баарыбыз, бирдиктүү, ынтымактуу болуп, эч бир саясат кылбай, өзүӊөрдүн келечегиӊерге өз колуӊар менен добуш берип, тандап аласыздар деген ойдомун. Кыскача ушуларды айткым келген.

Сөзүнүн соӊунда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Канат Садыков Искендер Чоӊмуруновичке калпак жана чепкен кийгизди.

Жыйындын андан аркы бөлүгүндө 2011-жылдын 13-июлунан 2014-жылдын 20-августуна чейин Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп иштеген Искендер Исамидинов чыгып сүйлөдү:

- Рахмат Канат Жалилович, Калыс Токтосунович!

- Урматтуу коллегалар!

- Менин Улуттук университеттин короосунун ичинде жүргөнүмө быйыл 46 жыл болду. Бул аралыкта, Канат Жалилович айткандай, комсомолдо иштедим, лаборант, старший лаборант, методист, мугалим болдум. 12 жыл замдекан, 18 жыл проректор (анын ичинде 8 жыл 1-проректор), шаардык кенешке депутат болдум, заслуженный болдум, ардак грамота алдым. Кыскасы, менин турмушум, агарып-көгөргөнүм – баары Улуттук университетке байланыштуу.

- Бул чечимди мен жеке өзүм кабыл алып, аны бекемдеш үчүн Канат Жалиловичке барып, арызымды жазып бердим. Андан кийин, ошол арыздын негизинде премьер-министр Жоомарт Кайыпович распоряжениеге кол коюп, президент Алмаз Шаршенович менен макулдашылып, анан ошол распоряжениенин негизинде министрликтин буйругу чыкты.

- Бул чечимди кабыл алуу, мен ойлойм, ар кимдин эле колунан келе бербейт. Көптөрү түшүнбөйт: “Эмне үчүн, жөндөн-жөн туруп эле, ректорлуктан кетип калат?” деп. Декан, директорлор да менин кабинетиме кирип сурашты: “Эмне болуп атат, эмнеге мындай, кысым болдубу?” дешип. Кайталайм, бул – менин жеке чечимим.

- Алдыда чоӊ нерселер турат. Алар - жалпы билим берүү системасын, анын ичинде жогорку билим берүү системасын реформалоо жана оптимизациялоо.

- Мен колуман келгенин бүт жасадым. Эми жаӊы көз караштагы жаштар келип, жаӊы ой, жаӊы бир моделдерди алып чыгып, Улуттук университеттин сапатын, билимин, жалпы эле кыргыз жаштарын билимдүү кылып тарбиялоого багыт алса, бул жерде отурган хан Бакайдай болгон тажрыйбалуу аксакалдарыбыз, улуу, кичүү дебей жалпы баарыбыз Кыргызстандагы билим берүү системасын өркүндөтүүгө, анын ичинде Улуттук университетти сандан эмес, сапатка өткөрүүгө баарыбыз көмөк берип, жардам кылалы.

- Канат Жалилович, сизге жеке адам катары, инсан катары үй-бүлөңүз менен, бала-бакыраңыз менен аман болуңуз деп айткым келет. Министрликтин иши оӊолсун. Жасап аткан иштериӊиз республикалык билим берүү системасына чоң салым кошсун. Биз ошого жардам берели.

- Деги эле адам бийликке тойбойт, адам акчага тойбойт. Мен чач агаргычакты иштеп, ишимди уланта бергенге азырынча күчүм бар. Бирок, канткен менен, жаштарга дагы орун беришибиз керек, мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Атайы келип, жетелеп чыгармайынча жүрө бербей, кээде өз эркибиз менен, чын ниетибиз менен жаштарга жол көрсөтүп, жол баштап, алга жылуу жагын, жакшылык жагын ойлоп иш кылсак - жаман болбойт деп ойлойм.

- Бүгүн баарыңыздарга, катышкандарга дагы, катышпай калгандарга дагы айтаарым: эгерде жумуштун шарты менен таарынычтар болуп, мүчүлүштүктөр кетип калса - адам экенбиз, кечирип койгула. Учурашып туралы, сүйлөшүп туралы, тажрыйба алмашып, ой бөлүшүп туралы. Эгерде бир нерселер жасалбай калса - аны жасайлы, жакшы ойлор болсо - аны колдойлу. Кыскасы, менден кеткен нерселер болсо - силер кечирип койгула. Себеби, тирүү киши болгондон кийин кемчиликтер кетет экен, жасалбай калган иштер болот экен.

- Министрликке, анын ичинде Канат Жалилович жана Калыс Токтосунович - сиздерге чоң рахмат. Министрдин буйругу менен өзүм түзгөн, өзүм түптөгөн институтка кайра директор кылып жиберип жатасыздар. Мен ал жерден дагы колуман келишинче өзүмдүн тажрыйбамды, мүмкүнчүлүгүмдү, билимимди жумшап, сиздерге көмөк көрсөтөм, колдойм.

- Анан, жалпы эле Улуттук университет Алмаз Шаршеновичтин оптимизация, реформа жасаганга алган багытын колдошубуз керек. Антпесек өнүкпөйбүз. Өнүгүү жолуна карай багыт алалы. Баарыңыздарга чоң рахмат! Мен жасалган иштерди көрүп каниет алам, ыраазы болом. Жасалбай калган иштеди жасашсын дейм. Өмүр өткүчө иштегенге мүмкүнчүлүк бар. Бул - мугалимдик кесип, сабак бериш. Болгон тажрыйбаларды бөлүшүп туралы. Дагы бир жолу сиздерге чоӊ рахмат!

Искендер Исамидинов сөзүнүн соӊунда 3 жыл бою чогуу иштеген проректорлорго да өз ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Канат Садыков жыйынтыктады:

- Искендер Исамидинович, коллективдин сизге ыраазы болгону абдан жакшы көрүнүш. Дагы бир жолу айтып койоюн: мындан аркы бүт аракеттерди, жасап аткан иштерди мыйзамда кандай жазылса, ошондой аткарабыз. Эми, Окумуштуулар кеӊешинин жыйынында шайлоо комитети түзүлүш керек. Эрмек Жолдошбекович тажрыйбалуу юристтер менен өзү акылдашат деп ойлойм. График боюнча, “мобу мөөнөттө бул жасалыш керек, тигинде – тиги жасалыш керек деген” сунуштар болсо – биз, министрлик күтөбүз.

- Анан, эч кандай оӊго, солго тартпай, мыйзамдын негизинде жетекчи шайлангандан кийин, оптимизация маселелерин сиздердин эч кимиңиздер кемсинип калбагандай кылып ишке ашырууга аракет кылабыз. Бул - сиздердин алдыңыздарда айтып жаткан менин убада сөзүм.

- Искендер Чоӊмуруновичке дагы бир жолу чоң ыраазычылык билдиребиз өз каалоосу менен бул кадамга барганы үчүн. Баарыӊыздарга ынтымак жана ден-солук каалайм. Рахмат.

Жыйынга билим берүү жана илим министрилигинин статс-катчысы Калысбек Шадыканов да катышты

alt