

Юридикалык колледждин студенттери Жогорку Кеңеште болуп келишти
27.03.2014 17:54
2014-жылдын 27-мартында КУУнун кесиптик колледжинин «Юриспруденция» бѳлүмүнүн студенттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешининин бир күндүк отурумуна катышып келишти. Эгерде студенттер буга чейин теориялык жактан гана мыйзамдардын кабыл алынышы тууралуу маалыматтарга ээ болсо, бул күнү Кыргыз парламентинин жыйынынында мыйзамдардын кабыл алынышына ѳзүлѳрү күбѳ боло алышты.
Болочок юристтер Жогорку Кеңештин имаратына саякат жасашып, депутаттар менен маек курганга да үлгүрүштү.
Мамлекетибиз парламенттик башкаруу формасына өтүүгө алагачкы кадамдарды таштап жаткан учурда, Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуу келечектеги юристтерге укуктук жактан практикалык иш - тажрыйбаларды алууга чоң ѳбѳлгѳсүн тийгизет жана жаш муундар мамлекетибиздин ѳсүп - ѳнүгүшүнѳѳзүлѳрүнүн үлүшүн кошушат.
Материалды даярдаган:
Урмат Аманалиев - кесиптик колледждин юриспруденция бѳлүмүнүн башчысы .