Пятница, Марта 28, 2025

Юридикалык колледжде "Манас таануу" боюнча таймаш ѳткѳрүлдү

alt2014-жылдын 18-мартында 5-окуу имаратынын жыйындар залында кесиптик колледждин юриспруденция бѳлүмү "Манас таануу" сабагы боюнча 1, 2-курстардын ортосунда таймаш ѳткѳрдү. Мелдеште «Ак-кула» жана «Кырк чоро» командалары, алты тапшырма боюнча ат салышышты.

Катышуучулардын мыктыларын аныктоо укугу кыргыз филология факультетинин "Манас таануу" кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамынан түзүлгөн кара кылды как жарган калыстар тобуна ыйгарылып, таймашты кыргыз филологиясы факультетинин 1-курсунун студенти, кытайлык улуу манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Турсунаалы уулу Тургунаалы «Манас» эпосунан үзүндү айтуу менен ачып берди.

Калыстар тобу командалардын даярдыгын мыкты баалап, калыстык ташын бирине кѳп, бирине аз оодарбайлы дештиби, эки тарапка тең бирдей 157 деген упай беришти.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар ардак грамоталар менен сыйланышып, чакан белектерге ээ болушту.

  • Image folder specified does not exist!
  •  

Материалды даярдаган:

Урмат Аманалиев - кесиптик колледждин юриспруденция бѳлүмүнүн башчысы