

Юридикалык колледждин студенттери БШК менен таанышты
07.02.2014 15:23
2014-жылдын 6-февралында КУУнун кесиптик колледжинин «Юриспруденция» бѳлүмүнүн студенттери «Бүткүл дүйнѳлүк шайлоо күнүнѳ» карата Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өткөрүлгөн «Ачык эшиктер күнүнѳ» катышып келишти.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчѳсү Канат Азиз студенттерге «Кыргызстанда шайлоолордун тарыхы» темасында дарс окуп, шайлоо системасынын тегерегинде студенттердин ар тараптуу суроолоруна жооп берди .
Студенттер бул жолугушууда Кыргызстандагы демократиялык процесстердин ѳнүгүүсүнүн бирден –бир негизги багыты шайлоо экендигин жана алгачкы жолу шайлоого катыша турган жаш муундар үчүн демократиялык маданияттуулук жана демократиялык баалуулук эмнеде экендигин биле алышты.
Мындан тышкары, студенттер БШКнын имаратында экскурция кылышып, комиссия мүчѳлѳрүнүн иштеген иштери менен таанышышты.