

ҮББжАЖ борборунда Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанат өткөрүлдү (толукталды)
23.09.2013 16:25
2013-жылдын 23-сентябрында №7-окуу имаратынын алдындагы аянтчада Үзгүлтүксүз билим берүү жана адистикти жогорулатуу борборунун жамааты тарабынан Мамлекеттик тил күнүнө арналган "Далай кылым карыткан кыргыз тилим, дагы бийик угулсун сенин үнүң" аттуу салтанат өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил Гимни менен ачылды. Салтанаттын катышуучуларын Тил майрамы менен ҮББАЖ борборунун директору, профессор Махмуд Күчүков жана анын биринчи орун басары, доцент Алайбек Шамшиев куттукташты.
Куттуктоолордон кийин аянтчага аталган борбордун алдындагы Маалымат технологиялары колледжинини студенттери, гуманитардык жана экономикалык лицейлердин окуучулары чыгышып, Мамлекеттик тил күнүнө жана Эне тилге арнап өзүлөрү чыгарган ырларды окуп, ырдап беришти. Салтанатта ошондой эле "Манас" эпосунан үзүндүлөр, К.Баялиновдун "Ажар" повестинен көрүнүш, жана башка ыр, бий, күүлөр аткарылды.
Үзгүлтүксүз билим берүү жана адистикти жогорулатуу борборунун директорунун биринчи орун басары Алайбек Шамшиев иш-чаранын алкагында уюштурулган мамлекеттик тил боюнча эсселер, өздүк чыгармалар жана манасчылар сынагынын жеңүүчүлөрүнө Мактоо баракчаларын тапшырды.
Алайбек Шамшиев ошондой эле салтанатты уюштурган Борбордун кыргыз тил окутуучуларына ыраазычылык билдирип, аларга Грамоталарды тапшырды.
"Мамлекеттик тил боюнча эсселер" сынагынын жыйынтыгы:
1-орун: Темирканова Жыргал - гуманитардык лицейдин окуучусу
2-орун: Бактияржан кызы Элмира - гуманитардык лицейдин окуучусу
3-орун: Мансурбекова М., Турсунбек кызы А. - маалымат-экономикалык лицейдин окуучулары
"Өздүк чыгармалар" сынагыгын жыйынтыгы:
1-орун: Нурадинова Чолпон - маалымат технологиялары колледжинини студенти
2-орун: Мансурбекова Мээлкан - маалымат-экономикалык лицейдин окуучусу
3-орун: Эржанова Амина - гуманитардык лицейдин окуучусу.
_____________________________________________________________________
"Кыргыз тили"
Эржанова Амина - ҮББжАЖ борборунун гуманитардык лицейинин окуучусу
Эй кыргыздар, биз каякка баратабыз?
Чөнтөк толгон акча болсо кубанабыз
Капкайдагы арам жолго азгырылып
Эне тилде сүйлөгөндөн уялабыз.
Эй жарандар, тилиң менен улутсуңар
Тилиң менен дүйнө таанып уютсуңар
"Аттиң ай" деп, жүрөк сыздайт эмнегедир
Эне тилим тепселенди, унуттуңар.
Биз алдандык дүр-дүнүйө, жалганга
Акча табып, үй, унааны алганга
Ата-Мурас, акыл-эсти ойлобой
Жашап калдык, бул бир келген заманда
Таза карма көкүрөктө дилиңди
Таанып билгин тарыхтагы изиңди
Ыйык тутуп, жүрөгүңө бек сакта
Салт-санааны, үрп-адатты, Тилиңди.