КУУда Мухтар Шахановдун жаңы китебинин бет ачары болуп өттү
20.06.2013 17:26
2013-жылдын 20-июнунда КУУнун чоң жыйындар залында Кыргызстандын эл акыны, Казакстандын эл жазуучусу, түрк элдеринин арасында "Дүйнөнүн мыкты акыны" наамына татыктуу болгон Мухтар Шахановдун "Правдоформула и восхождение на Эверест любви" аттуу жаңы китебинин бет ачары болуп өттү. Иш-чараны КУУнун ректору, профессор Искендер Исамидинов ачып, Улуттук университеттеги бүгүнкү жолугушуу – тарыхый жолугушуу экенин белгилеп, авторго сөз узатты. Мухтар Шаханов жаңы китепти жазуунун себептери, анын мазмуну жана урунттуу окуялары тууралуу кенен баяндама жасап берди.
Автор өз сөзүндө кыргыз калкы үчүн да, казак калкы үчүн да эң маанилүү, үлкөн маселе – тилди сактоо, улутту сактоо экенин баса белгиледи.
Андан кийин Кыргызстандын эл акыны, Казакстандын эл жазуучусу Мухтар Шаханов Кыргыз улуттук университетинин студенттеринин жана окутуучу-профессорлорунун суроолоруна жооп берди.
Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун директорунун орун басары Жолборс Жоробеков автордун абдан жакшы баяндама жасаганын белгилеп, Казакстандагы азыркы саясий абал тууралуу суроо берсе, профессор Ниязбек Шаршеев Шахановдун Нурсултан Назарбаев менен кайсы убакта жолугаарына кызыкты.
КУУдагы адабий ийримдин катышуучусунун "Азыр кайсы чыгарманын үстүндө иштеп жатасыз" деген суроосуна Мухтар Шаханов "Атлантиданы кыйраткан Алматы" деген чыгарманы баштап койгонун айтты.
Жолугушууда ошондой эле Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы байланыш, бет ачары болуп аткан китептин кыргызчага которулушу, автордун балдарынын казакча сүйлөй алаары тууралуу суроолор да берилди.
Мухтар Шаханов берилген суроолорго так жана кенен жоопторду бергенден кийин, трибунага Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, философия илимдеринин доктору Аскар Какеев чыгып, терең жана мазмундуу баяндама жасап, суроолорго жооп бергендиги авторго ыраазычылык билдирсе, Улуттук университеттин ректору Искендер Исамидинов Мухтар Шахановго чың ден-соолук жана чыгармачыл ийгиликтерди каалоо менен ак калпак кийгизип, чепкен жапты.
Бет ачар аземинин соңунда атактуу акын, жазуучу жолугушуунун катышуучуларына өзүнүн кол тамгасы коюлган китептерин таратты..