Жашасын кыргыз калпагы!
05.03.2013 13:53
2013-жылдын 5–мартында үзгүлтүксүз билим берүү жана адистикти жогорулатуу борборунда "Ак калпак күнүнө" карата "Жашасын кыргыз калпагы” деген акция өткөрүлдү. Иш-чараны борбордун директорунун биринчи орун басары Алайбек Шамшиев ачып, кыргыз калпагынын таржымалын айтуу менен, чогулгандарды калпак майрамы менен кызуу куттуктады. Акциянын жүрүшүндө борбордун студенттери ар кандай ыр-күүлөрдү, бийлерди аткарышып, айлананы шаңга бөлөштү. Бул майрамдын жылдан жылга күчүнө кирип келе жатканы концерттин катышуучулары менен жалпы көрүүчүлөрдүн маанайынан байкалды.