Все новости
Другие новости
Кесиптик колледждин юриспруденция бөлүмү "Чынгыз Айтматов жана аалам" аттуу кече өткөрдү


Кесиптик колледждин юриспруденция бөлүмү "Чынгыз Айтматов жана аалам" аттуу кече өткөрдү
14.12.2012 10:24
2012-жылдын 13-декабрында КУУнун чоң жыйындар залында Кесиптик колледждин «Юриспруденция» бөлүмүнүн педагогикалык жана студенттер жамааты элибиздин улуу жазуучусу, залкар инсаны Чынгыз Төрөкулович Айтматовду эскерүү күнүнө карата «Чынгыз Айтматов жана аалам» аттуу кече өткөрүштү. Студенттер Айтматовдун чыгармаларынан монологдорду, анын чыгармаларына арнап жазылган ырларды аткарышты. Аталган иш-чаранын негизги максаты - Чынгыз Айтматовдун чыгармаларына кайрылып, залкар жазуучуну эскерүү менен, студенттердин руханий дүйнөсүн ойготуу жана жазуучунун жаратылышка, жашоого болгон көз карашын жаштарга жеткирүү, тарбиялык маанисин түшүндүрүү.