

Экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасы (04.02.2020 жаңыланды)
10.12.2012 11:38
1. Кафедранын тарыхы
Экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасы Ж.Баласагын атындагы КУУнун карт кафедраларынын бири, Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептерине мугалимдерди даярдоочу флагман.
Кафедра 1948-жылы сентябрь айында М.В.Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институттун курамында уюшулган, ал эми үч жылдан кийин институт университет болуп (КУУ) түзүлөт. Кафедранын жетекчиси болуп Ленинград мамлекеттик университетинин (азыркы Санкт-Петербург) тарбиялануучусу М.М.Картавов дайындалат. 1949-жылы ага М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешинде география илимдеринин кандидаты деген илимий даража ыйгарылып, 1950-жылы доценттик наам берилет. 1951-жылы кафедрада М.М.Картавовдон башка, Москва мамлекеттик университетинин тарбиялануучусу, доцент В.Ф.Павленко (негизги иши менен бирге КРнын Мамлекеттик планынын председатели кызматын кошо аткарган) б.а. 2 эконом географтар иштеген. Профессор М.М.Картавов 1948-жылдан 1975-жылга чейин жетектеп, бардык мугалимдерге квалификациясын жогорулатууда, илимий-изилдөө жана окуу методикалык иштеринде чоң жардам берген. Кийинчирээк кафедраны география илимдеринин доктору, профессор Исаев А.И., география илиминин кандидаты, доцент Магзумов И.А., Джумалиев С.Ж. тер жетектеген, акыркы 20 жылда республикадагы профили боюнча бирден бир кафедра болгон Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин экономикалык жана социалдык география кафедрасын профессор Бакиров Н.Б. жетектеген, 2004 жылдан баштап кафедра жетекчиси болуп география илиминин кандидаты, профессор Оморов И.О. дайындалат.
Азыркы мезгилде экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасы өлкөбүздүн жогорку квалификациялуу адистерин, эконом географтарын даярдоочу атактуу борбору болуп саналат, кафедранын иши сабак берүүнү өркүндөтүүгө жана окуу процессин илимий изилдөөлөр менен байланыштыруу күчтөргө багытталган.
Илимий байланыштар Москва, Санкт-Петербург, Ташкент, Казакстан, Азербайджан жана башка жакынкы чет өлкөлөрдүн мамлекеттик университеттеринин экономикалык жана социалдык кафедралары менен илгертеден эле бар.
Экономикалык жана социалдык географиянын негизги тармактары боюнча атайын курстарды окуу үчүн ар кайсы убактарда бизге белгилүү профессорлор келишкен. Андан башка дагы карым-катнаштын башка формалары бар: булар-илимий изилдөөлөр, консультациялар, конференция жана кеңешмелерде катышу, аспиранттарга жетекчилик ж.б.
Университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасында иштеген жана иштеп жаткандардын ичинен география илимдеринин кандидаты деген илимий даражаны ыйгаруу менен бирге диссертациялык иштерин коргогондор: 1945-50 жылдары М.М.Картавов, С.О.Орозалиев, К.О.Оторбаев (азыр г.и.д., профессор КР УИА нын академиги), Г.С.Гужин (азыр г.и.д., Кубань университетинин профессору), 60-жылдарда А.И.Исаев (кийин г.и.д. болгон), Б.Ш.Чормонов, С.Ж.Жумалиев, В.В. Гречко, В.И. Середа, Ч.С.Сейтпаев, 70-жылдары А.К.Кешикбаев, И.А.Фомина, И.А.Магзумов, Н.Б.Бакиров, И.О.Оморов, А.Т.Актанова, 80-жылдарда Т.З.Ниязов (азыр профессор) О.Т.Турманбетов, Н.В.Бредихин, 90-жылдары Р.С.Самаков, Т.С.Бобушев, Н.А.Алымкулова, 2000-жылдары И.Е.Егембердиев, Л.А.Приходько ж.б.
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин география жана экология факультетинин экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасынын илимий иштеринин негизги багыттары республиканын өнөр жай түйүндөрүнүн, өзүнчө региондордун экономикалык-географиялык мүнөздөмөлөрүн түзүү, тоолуу райондордун калкынын географиясынын проблемалары, жайгашу мүнөзүнө жараша айыл калкын тейлөөнүн суроолорун изилдөө, калк жайгашкан ири жана кичине пункттарды өнүктүрүү, малды жайуу жана жайыттарга жайгаштырууну өнүктүрүү, агроөнөр жай комплексин түзүү жана өнүктүрүү.
Бул багытта изилдөөлөр жүргүзүлүп, илимий жыйнактарда, брошюраларда, монографияларда көптөгөн статьялар жарык көргөн. Алардын арасында: Фрунзе областы (1956, М.М.Картавов), Кыргызстандын жаратылыш ресурстары (1965, А.Исаев, М.М.Картавов), Кыргыз кырка тоолорунан Балхаш талааларына чейин (1967, С.Жумалиев), Кыргызстандын техникалык өсүмдүктөрүнүн географиясы (1965, А.Исаев), Кыргызстандын бийик тоолуу өрөөндөрүнүн географиясы (1972, Н.Бакиров). Калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөө (1978, А.Актанова). Географиялык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү (1995, Н.Бакиров, Ш.Токомбаев), Кыргызстандын айыл чарба комплексинин түзүлүшү жана өнүгүшү (1985, А.Исаев), Чүй өрөөнү (1995, Н.Бакиров), Кыргыз Республикасынын географиясы (1992, Н.Бакиров, А.Исаев, М.Картавов), тулуп өскөн жериңди таанып бил (Б.Ш.Чормонов, В.И.Середа), Ысык-Көл- бейиш жери, эл сыймыгы (1998, А.Исаев, Ш. Токомбаев), Түштүк Кыргызстанды эколого-экономикалык райондоштуруу (1998, К.Оторбаев Ч.Сейтбаев). Дүйнөнүн экономикалык жана социалдык географиясы (1999, Н.Б.Бакиров, Т.З.Ниязов, И.О.Оморов0, И.Е.Егембердиев тарабынан Кыргыз Республикасынын региондорунун бир катар социалдык-экономикалык карталары түзүлгөн.
1999-жылы «Кыргыз Республикасынын географиясы» деген окуу китеби көлөмү 28,5 басма табак болуп жарык көрүп, КРнын 2000-жылдагы илим жана техника жатында мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн, окуу китептин авторлору Н.Б. Бакиров, А.И.Исаев, А.О.Осмонов болуп саналышат.
2006-жылы 9 класс үчүн «Кыргызстандын экономикалык жана социалдык географиясы» деген окуу китеби жарык көргөн, авторлору Актанова А.А., Алымкулова Н.А., Бараталиев Ө.Б.
Андан ары рынок мамилелерине өтүүгө жана Тоо жылы деп жарыяланышына байланыштуу тоолордун табигый ресурстарын экономикалык жактан баалоо проблемаларын кеңейтүү жана тереңдетүү, кичи, орто шаарларды жана айыл жергесин өнүктүрүү проблемалары, акционердик ишканалардын жана дыйкан, фермер чарбаларынын проблемаларын окуп үйрөнүү, калк жашаган ири айыл-кыштак пункттарын агроөнөржайга интеграциялоо ж.б. жүргүзүлүүдө.
Экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасы жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо менен бирге республиканын география илимдерин өнүктүрүүгө өзүнүн чоң салымын кошууда деп эсептейт.
Ошондуктан азыркы мезгилде кафедранын илимий күчү улуттук экономикага өткөөл мезгилдин проблемаларын, эл аралык сырткы экономикалык мамилелерди жана анны макро, мезо жана микро деңгээлде башкарууну иштеп чыгууда. Бүгүнкү күндө кафедрада алдыңкы адистер эконом географтар профессорлор, ага окутуучулар, окутуучулар Ж.Баласагын атындагы КУУнун бүтүрүүчүлөрү эмгектенишет:г.и.к.,доцент Молдошев К.О, г.и.к., профессор Т.З.Ниязов г.и.к. , профессор И.О.Оморов , г.и.к., доцент Карамолдоев Ж.Ж.,г.и.к., доцент Л.А.Приходько, доктор pg О.А.Топбаев О.А., ага окутуучу К.У.Кулназарова, ага окутуучу М.А.Жакияева, окутуучу Ч.Ч.Осмоналиева,ага окутуучу Э.Т.Жолочиева, лаборант Кубандыкова С.К.
2. Кафедра башчысы
Приходько Лилия Анатольевна
г.и.к., доцент
3. Кафедра мүчөлөрү
Оморов Ибраим
- И.Оморовдун анкетасы
Ниязов Тургунбек Зайнидинович
Алымкулова Н.А.
г.и.к., доц.
Кулназарова Кымбат Умаровна
Сазыкулов Ш.А
ст. преп.
Жакияева М.А.
- М.А.Жакияеванын анкетасы
Жолочиева Эльнура Токтобековна
Осмоналиева Чинара Чатыркуловна
Топбаев Октябрь Асанбекович
Алдакул кызы Нурай
лаборант