

10.12.2012 11:13
1. Кафедранын тарыхы
1992-жылы 1-декабрда Кыргыз мамлекеттик университеттин окумуштуулар кеңешинин токтомунун негизинде география жана экология факультетинде «Кыргызстандын географиясы жана туризм» кафедрасы ачылган. Кафедра жетекчиси болуп г.и.д., профессор Исаев Акыбай Исаевич бекитилген. 1993-жылы «Рекреациялык география, край таануу жана туризм» адистиги боюнча алгачкы студенттер кабыл алынган.
2000-жылы эки кафедра «Дүйнөнүн экономикалык жана социалдык география» жана «Кыргызстандын географиясы жана туризм» кошулушунан «Экономикалык жана социалдык география” кафедрасы түзүлгөн.
«Экономикалык, социалдык жана саясии география” кафедрасы «Рекреациялык география, край таануу жана туризм» адистиги боюнча бүтүрүүчү кафедра болгон. Кафедранын жетекчиси болуп г.и.к., доцент Бакиров Насипбек Бакирович дайындалган.
2003-жылдын 16-июлундагы Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректорунун №105-буйругунун негизинде «Эл аралык тоолор жылы жана Кыргыз мамлекеттүүлүк жылына” байланыштуу «Край таануу жана туризм» кафедрасы негизделген. Кафедра жетекчиси болуп г.и.к., доцент Жумашев Касымалы Жумашевич бекитилген.
2006-жылдын 20-мартында кафедранын аты «География жана экологиялык туризм» деп өзгөрүп, кафедра башчысына г.и.к., доцент Жумашев Касымалы Жумашевич дайындалган.
2016-жылы «Эконимкалык социалдык жана саясий география» жана «География жана экологиялык туризм» кафедралары кошулуп «Экономикалык география жана туризм” кафедрасы деп аталган. Кафедра жетекчиси катары г.и.к., доцент Жумашев Касымалы Жумашевич дайындалган.
2017-жылы кайрадан өз алдынча бөлүнүп «Туризм жана рекреациялык география» кафедрасы деп аталган. Кафедра жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Dr. rer.nat, ага окутуучу Касымов Муктар Кутмидинович дайындалган.
2018 жылдан баштап кафедраны г-м.и.к., доцент Курманбек Нарынбек уулу жетектеп келе жатат.
1992-2008-жылдары кафедра түзүлгөндөн тартып «География» багытындагы «Рекреация, край таануу жана туризм», 2009-2011-жылдары «Туризм» багытындагы «Туризимдин менеджери» адистерин даярдап келген. 2012-жылдан баштап «Туризм» багытында бакалавр жана магистр адистерин даярдайт.
2014-жылдан баштап Россиянын Эл достугу Университети (РУДН) менен биргеликте «Туризм» багытындагы магистрлерди даярдоодо.
Кафедранын байланышы
Россия Федерациясынын Эл достугу университети (РУДН), Москва, РФ; Б.Н.Ельцин атындагы Урал Федерациялык университети, Екатеринбург, РФ; Аль-Фараби атын. Казак улуттук университети, Алма-Ата, Казакстан Республикасы. Османгази университети, Эсхишехир, Туркия; Орадия университети, Румыния; Дмитрий Кантемир университети, Румыния Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Бишкек, КР. И.Арабаев атын. Кыргыз мамлекеттик университети. Бишкек, КР. Туризм Академиясы, Бишкек,КР. Кыргыз экономикалык университети, Бишкек, КР. Ош мамлекеттик университети, Ош, КР Тайга Групп туристтик компания, Туркия; Кыргыз Республикасынын туризм департаменти, КР «Тянь-Шань тревел» турфирма, Бишкек; жана башкалар «Ак-Сай тревел» турфирма, Бишкек; жана башкалар
Кафедра 2014-2015-жылдары КУУнун илимий иштерге бөлүнгөн грантын утуп алып, «Чуй облусунун туристтик-рекреациялык ресурстарынын кадастры» аталыштагы илимий долбоордун үстүндө иш алып барды. Изилдөө иштеринин натыйжасында «Чуй облусунун туристтик- рекреациялык ресурстарынын кадастры» темасында илимий макалалар жарыяланып, карта-схемалар түзүлгөн. Кафедра мүчөлөрү квалификациясын жогорулатуу максатында тынымсыз илимий конференция, тренинг, семинарларга катышууда.
Кафедрада бир топ тажрыйбалуу адистер эмгектенет. Азыркы учурда кафедрада бир илимдин доктору, доцент; төрт илимдин кандидаты, доцент; төрт ага окутуучу, үч окутуучу жана бир лаборант эмгектенет.
2. Кафедра башчысы
Нарынбек уулу Курманбек
г-м.и.к., доцент
2. Кафедранын жамааты
Жумашев Касымалы Жумашевич
г.и.к., доцент
Осмонбекова Раушан Болотбековна
г.и.к., доцент
Дылдаев Мирлан Мухтарович
г.и.д., доцент
Касымов Мухтар Кутмидинович
PhD rer.nat, ага окутуучу
Сарсеитова Аида Шамшыбековна
ага окутуучу
Сатыбалдиева Аида Туголбаевна
окутуучу
Байсеитова Махабат Ратбековна
окутуучу
Кадыралиева Бермет Кайратбековна
окутуучу