КУУда “Манас эпосу жана аны изилдөө маселелери” аттуу студенттик конференция болуп өттү
27.11.2012 17:24
Бүгүн, 2012-жылдын 27-ноябрында, университеттин №5-окуу имаратынын жыйындар залында КУУнун кыргыз филологиясы факультети тарабынан даярдалган “Манас эпосу жана аны изилдөө маселелери” аттуу жогорку окуу жайлар аралык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чараны факультеттин деканы Бектурсун Байсабаев ачып, конференциянын максаты, иш тартиби тууралуу айтуу менен, жыйынга келген конокторду да тааныштырып өттү. Студенттик конференциянын андан аркы бөлүгүн декандын орун басары Садык Тиллебаев алып барды. Конференциянын катышуучуларына куттуктоо сөз менен белгилүү коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев кайрылды.
Химия факультетинин студенти Сүйүнтбек уулу Арслан "Манас" эпосунан үзүндү айткандан соң, конференциянын пленардык жыйыны башталып, төмөндөгү баяндамалар окулду:
1) Алтымыш уулу Мирлан - КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин студенти: «Манас» эпосунун тарых менен байланыштуулугу
2) Мадосмонова Айгерим - ; КУУнун эл аралык мамилелер факультетинин студенти: "Гипотеза академика В.М.Жирмунского о генезисе эпоса "Манас"
3) Сактанов Нурдөөлөт - КУУнун журналистика факультетинин студенти: "«Манас эпосунун пайда болушунун изилдениш маселелери"
4) Эсенжан кызы Айзада - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинн студенти: "Манас эпосундагы аялдардын жана эркектердин тең укуктуулугу".
Баяндамалар окулуп бүткөндөн кийин, Ж.Садыковдун «Манастын уулу Семетей» драмасынан чакан сценка аткарылды.
Жыйындын соңунда окутуучулардын эле эмес, студенттердин да көнүлүн өздөрүнө тартып, теманы жогорку деңгээлде, жеткире ачып берген баяндама ээлерине дипломдор тапшырылды.
Илимий конференцияга катышкан жаш студенттер “Манас - кыргыз рухунун туу чокусу" деп бекеринен айтылбаганын дагы бир ирет тастыктап өтүштү.
Студенттердин ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференциясына КУУнун педагогикалык ишмердүүлүк жана мамлекеттик тил боюнча проректору Назаркул Ишекеев катышып, сөз сүйлөдү.