Спорт ордосунда КУУнун 1-курс студенттерин "Студенттике багыштоо" аземи болуп өттү
22.11.2012 17:32
2012-жылдын 21-ноябрында Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз улуттук университетинин 1-курс студенттерин "Студенттике багыштоо" аземи болуп өттү. Иш-чараны КУУнун биринчи проректору Эрмек Усекеев ачып, эми "чындап" студент болгон 1-курстун жаштарына куттуктоо сөздөрүн айтты жана «Алло, биз таланттууларды издейбиз» сынагында мыкты деп табылган студенттерге дипломдорду жана мактоо баракчаларын тапшырды. Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун 1-курсунун студенти Жээнкул уулу Нуртилек КУУда окуган жалпы биринчи курстун студенттеринин атынан ант берип, Улуттук университеттин желегине таазим эткен соң, Эрмек Усекеев ага символикалуу "Билим ачкычын" жана "Сынак китепчесин" тапшырды.
Салтанаттын расмий бөлүгү аяктаган соң, анын майрамдык бөлүгү башталып, КУУнун 1-курс студенттерин белгилүү эстрада ырчылары Омар, Арсен жана "Эл Данс" бий тобу куттукташты. Концертте о.э. КУУнун КВН боюнча курама командасынын катышуучулары жана таланттуу студенттери да жылдыздардан кем калышпай, өз өнөрлөрүн татыктуу көрсөтүшүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Майрамдык салтанатка КУУнун педагогикалык ишмердүүлүк боюнча проректору Назаркул Ишекеев, экономика жана курулуш иштери боюнча проректору Мелис Шарипбаев, окуудан тышкары иштер боюнча проректору Женишбек Акматов, профсоюз комитетинин төрагасы Шаршенбек Сальпиев, жаштар комитетинин төрагасы Бакыт Мааткеримов, о.э. түзүм жетекчилери катышышты.