Пятница, Марта 28, 2025

Кесиптик колледждин Экономика бөлүмүндө Манас таануу боюнча ачык сабак өтүлдү

alt2012-жылдын 21-ноябрында КУУнун Кесиптик колледжинин Экономика бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери үчүн Манас таануу курсу боюнча “Залкар манасчы Саякбай” деген темада ачык сабак болду. Сабакты аталган бөлүмдүн окутуучусу Аида Супаева өттү. Ачык сабакка жаш манасчылар Дөөлөт Сыдыков, Нурбек Калыбек уулу конок катары катышышып, Саякбай Каралаев жөнүндө, манасчылык касиет боюнча өз ойлорун айтуу менен, студенттердин кызыккан суроолоруна жооп беришти. Албетте, манасчы болгондон кийин, Манас эпосунан үзүндүлөрдү да айтып беришти.

Жаш манасчылар Саякбай Каралаевдин өмүрү, чыгармачылыгына токтолуу менен, манасчылык өнөр, манасчылардын типтери, алардын жашаган доорлору боюнча бөлүнүшү, манасчылардын кыргыз турмушундагы ээлеген орду, аткарган кызматы ж.б. тууралуу студенттерге кенири айтып беришти.

Сабакта Саякбай Каралаевдин өмүрү, чыгармачылыгы жана Манас эпосун аткаруусу жөнүндө документалдуу фильмдер да көрсөтүлдү.