Билим күнүнө карата 6-окуу имаратында жаңы окуу залы ачылды
12.11.2012 11:05
КУУда белгиленип аткан Билим күнүнүн алкагында 9-ноябрь күнү университеттин №6-окуу имаратында илимий китепкананын жаңы окуу залынын ачылыш аземи болуп өттү. Экинчи кабаттын түштүк тарабынан орун алган бул чоң бөлмө мурда теннис жана аэробика залы болчу. Эми капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кенен жана жарык окуу ордосуна айланган чоң бөлмөнүн кире беришине тартылган кызыл лентаны КУУнун ректору, профессор Искендер Исамидинов кескенден кийин, аземге келген коноктор залдын ичине киришип, ал жердеги китептер, окуу куралдары, маалымдамалар, гезит-журналдар жана WiFi технологиясы аркылуу интернетке туташткан компьютерлер менен таанышып чыгышты. Искендер Исамидинов аземдин катышуучуларын окуу залдын ачылышы менен куттуктап, төмөндөгүлөргө токтолду:
"Ремонт жакшы болуптур. Бул үчүн Мелис Ибрагимовичке кол чапкылачы. Таалай Тултемирович да көп аракет кылды. Былтыр 147 миң сомго жазылышыптыр. Эми, университетке 147 миң деген... Андан көрө, жазылбай эле койгон жакшы да. Азыр Кыргызстандагы мезгилдүү басма сөз, журналдарга, о.э. Москвадан чыга турган математика, физика, география, психология, педагогика ж.б. боюнча – иши кылып каталогдогу журналдардын баарына 1-2 ден жазылдык. Бул жерде жок дегенде 1 экземпляр турсун. Ошондо 500 миңдин тегерегине барып түштүк. Бул 6 айга эле. Бир жылга 1 млн. сом болот. Дагы жазылабыз. Мындан сырткары, 1.5 млн. сомго жаңы китептерди алдык. Эмки жылы дагы көбөйтөбүз.
Бая күнү Кытайдагы педуниверситеттин “Манас” борборунун жетекчиси кызык кеп айтты. Аларда 5 млн. китеп жөн эле бир текчеге батат экен. Кантип? Дискке салып коюшуптур. Биз да ошого барабыз. Керек болсо компьютериңерди дагы көбөйтөлү. Күн жылыса, биринчи кабаттагы (китеп сактоочу жай) китептердин баарын иретке келтирип, аянтты кеңейтели. Кереги жок китептерден арылалы. Китептердин кереги бар-жогун тиешелүү багыт боюнча адистер аныктасын. Пайдаланылбаган китептерден 5-10ду алып, катып койолу. 200-300дүн эмне кереги бар? Калганын макулатурага өткөрөлү.
Биз окуп жүргөндө окуу залы түнкү саат 10го чейин иштечү. Ошол жагын да байкасак".
Илимий китепкананын директору Мая Джаилканова жамааттын атынан түзүлүп жаткан ыңгайлуу шарттар үчүн КУУнун ректоруна ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, өзү иштеп аткан 5 жыл ичинде жарым миллион сомго гезит, журналдарга, анын ичинде Москва мамлекеттик университетинин "Жарчысынын" бардык серияларына жазылуу эч качан болгон эмес.