

КУУнун ҮББАЖ борборунда ар бир жумуш аптасы желек көтөрүү аземи менен башталат
22.10.2012 15:02
Бүгүн, 2012-жылдын 21-октябрында, КУУнун Үзгүлтүксүз билим берүү жана адистикти жогорулатуу борборунда аталган борбордун желегин көтөрүү аземи болуп өттү. Салтанаттуу жыйында ҮББАЖдын директору, профессор Махмуд Күчүков жана директордун биринчи орун басары Алайбек Шамшиевдер сөз сүйлөшүп, иш-чаранын жаш муундарды мекенчилдик духта тарбиялоодогу мааниси зор экендигин белгилеп, өнүккөн мамлекеттерде ар бир компаниянын, окуу борборунун ж.б. өздөрүнө тиешелүү атрибуттары жана имиджин даңазалаган белгилери болоорун айтып өтүштү.
Үзгүлтүксүз билим берүү жана адистикти жогорулатуу борборунун кызматкерлери жана студенттери катышкан бул салтанаттуу жыйындын соңунда ар бир жумуш аптасын бүгүнкүдөй желек көтөрүү аземи менен баштоо туура деп табылып, тиешелүү чечим кабыл алынды.