Пятница, Марта 28, 2025

КУУнун ҮББАЖ борборундагы лицейлердин окуучулары Буранага барып келишти

КУУнун Үзгүлтүксүз билим берүү жана адистикти жогорулатуу борборунун Гуманитардык жана Маалымат-экономикалык лицейлеринин окуучулары Кыргызстандын аймагындагы тарыхый жана архитектуралык эстеликтерди окуп  үйрөнүүгө терең маани беришет. Алсак, алар жыл сайын таанышуу жана тарбиялык мааниде сабак алуу максатында Орто кылымдардагы Баласагын кааласына (Бурана мунарасына) экскурсия уюштурушат. Жаш муундарды тарбиялоодо тарыхый эстеликтерди үйрөөнүүнүн артыкчылыгы бар. Эстеликтер мурас катары кыргыз элинин тарыхы  үчүн баа жеткис. Ушул максатта байланыштуу 2011-жылдын 22-октябрында тарых мугалими Тойгонбай кызы Гулшаттын жетекчилиги менен лицейлердин окуучулары Буранага тарыхый эстеликтерге экскурсияга барып келишти. Экскурсия жогорку денгээлде өттү.