Пятница, Марта 28, 2025

КУУнун ҮББжАЖ борборунун алдыңкы кызматкерлери сыйланышты

2011-жылдын 14-июнунда Кыргыз улуттук университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү жана адистикти жогорулатуу борборунда анын түзүлгөндүгүнүн 15 жылдык мааракесине карата эмгек жамаатынын жыйыны болуп, борбордун алдыңкы кызматкерлерине сыйлыктар ыйгарылды.


Кыргыз улуттук университетинин ректорунун 2011-жылдын 16 майында чыккан №191 - буйругу менен жумуштагы жана окуу-тарбия иштериндеги ишмердүүлүгү үчүн Ардак грамоталар менен:

 

  • А.Б.Шамшиев - ҮББжАЖ борборунун мүдүрүнүн биринчи орун басары;
  • М.Ж.Мукамбетова - Магистратура бөлүмүнүн инженери
  • К.Эшимбекова - Маалымат технологиялар колледжинин окутуучусу;
  • Р.М.Ныязбекова - Окуу бөлүмүнүн башчысы;
  • Ж.Жолдубаева - Магистратура бөлүмүнүн методисти.

 

сыйланышты.


Үзгүлтүксүз билим берүү жана адистикти жогорулатуу борборунун мүдүрүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 17/2-37 буйругу  менен педагогикалык жемиштүү ишкердүүлүгү үчүн Маалымат технологиялар колледжинин, Маалымат-экономикалык жана Гуманитардык лицейлердин мугалимдерине, административдик башкаруу жамаатынын кызматкерлерине Ардак грамоталар тапшырылды.


Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2011-жылдын 16-майында чыккан №11/4-буйругу менен "Эл агартуунун отличниги" наамдарына Жаныбекова К.Р., Джаныбекова Г., Орозалиев Т.А., Нуралиева Г.М. татыктуу болуп, төш белгилери менен сыйланышса, ушул эле буйруктун негизинде Жолдубаева Ж.., Сагынбаев Д.Б., Исмаилова Э.З. Ардак грамоталар менен сыйланышты.