Пятница, Марта 28, 2025

КУУнун ҮББжАЖ борборунда “Дүйнө элдеринин бийлери” аттуу фестиваль болуп өттү

2011-жылдын 23-майында Үзгүлтүксүз билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу борборунда борбордун  түзүлгөндүгүнүн 15 жылдык мааракесине арналган “Дүйнө элдеринин бийлери” аттуу фестиваль болуп өттү. Фестивалды аталган борбордун Квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн жана Информациялык технологиялар  (ИТ) колледжинин бөлүм башчылары даярдашкан.

Фестивалга борбордун мугалимдери, ИТ колледжинин студенттери, маалымат-экономикалык лицейинин жана гуманитардык лицейдин окуучулары активдүү катышышты.

 

Конкурста жапан, кытай, чыгыш, вальс, улуттук кыргыз бийи, заманбап бийи, өзбек, цыган жана индия элдеринин бийлери жогорку деңгээлде аткарылды.


Фестивалдын катышуучулары төмөнкүдөй орундарга ээ болушту:


I . Гуманитардык лицейдин окуучулары;

II. Маалымат-экономикалык лицейдин окуучулары;

III Информациялык технологиялар колледжи;


Конкурстун катышуучуларына I II III даражадагы грамоталар жана белектер берилди.