Пятница, Марта 28, 2025

КУУнун ҮББжАЖ борборунда Курманжан датканын 200 жылдыгына арналган тегерек стол болуп өттү

Кечээ, 2011-жылдын 25-апрелинде, КУУнун Үзгүлтуксүз билим берүү жана адистикти жогорулатуу (ҮББжАЖ) борборунун алдындагы маалыматтык-экономикалык лицейде Курманжан датканын 200 жылдыгына арналган «Курманжан датка -  Алай ханышасына 200 жыл» аттуу тегерек стол болуп өтту. Бул тегерек стол быйылкы окуу жылындагы Курманжан даткага арналган  жалпылоочу иш-чара болду. Тегерек стол таймаш түрүндө өткөрүлүп, Курманжан датканын өмүр жолуна, ошол доордогу саясий кырдаалга көңүл бурулду. Таймашта 5 беш команда күч сынашып, I-орунду “Зыйнат”, II-орунду “Ала-Тоо”, III-орунду “Даткайым” топтору ээлеп, аларга 1000 сом, 500 сом, 250 сом жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.


Тегерек столдун алкагында ошондой эле Курманжан датканын 200 жылдык мааракесине арналган дубал газеталардын, буклеттердин, рефераттардын, дилбаяндардын жана сүрөттөрдүн сынагы уюштурулду.

 

 

 

 

 

Даярдаган Белекова И.Ш.