Понедельник, Мая 20, 2024

Кафедра истории стран Азии и Африки

1. Кафедранын тарыхы

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин курамындагы Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын тарыхы 1930-жылдардан башталат.

1934-1935 - окуу жылында тарых факультетинде бир гана кафедра - социалдык-экономикалык дисциплиналар кафедрасы болгон. Аталган кафедраны Жалпы тарых боюнча профессор А. Монатов жетектеп турган.

1936-1937 окуу жылында пединституттун курамында тарых кафедрасы түзүлгөн. Кафедранын башына тарых илимдеринин кандидаты, доцент Г.Г.Куранов  дайылдалган.

Улуу Ата мекендик согуш аяктагандан кийин факультетте 2 кафедра: СССР элдеринин тарыхы жана Жалпы тарых кафедрасы адис-тарыхчыларды  даярдашкан.

СССР элдеринин тарыхы кафедрасын А.Х. Хасанов (1946-1951-жж.) жетектеген, кафедрада: т.и.д., профессор Б.Д.Джамгерчинов, т.и.к., доценттер – Петровец В.М., В.В. Липович, В.Е.Кутарева, ага окутуучулар – С.Табышалиев, Н.Г.Абдуазизова, С.В.Саксонская, А.Ф Лачко, окутуучулар – А.А.Чукубаев, А.И.Батин, И.М.Скляр  эмгектенишкен.

1951-1954-жж. СССР элдери тарыхы кафедрасын т.и.д. профессор Б. Джамгерчинов  (бир эле мезгилде КМУ нин ректору), Аталган кафедраларда 19 окутуучу эмгектенишкен. Алардын катарында: 1 т.и.д., профессор (Б. Джамгерчинов), 5 т.и.к., доценттер, 8 ага окутуучу, 5 ассистент окутуучулар болушкан.  

1962-1984-жж. СССР элдеринин тарыхы кафедрасын Кыргыз ССР илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти т.и.д., профессор А.Х. Хасанов жетектеп келген.

1992-ж. СССР элдеринин тарыхы кафедрасынын базасында Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасы ачылган. 1992-1994-жж. кафедраны т.и.к., доцент А.М.Мокеев, т.и.к., доцент Т.К. Чороев, ал эми 1994-ж. ноябрынан  1996-ж. январына чейин т.и.к., доцент А.А. Рыскулов башкарган.  1996-ж. февралында  ректордун чечими менен 3 кафедра:  Жаңы жана Соңку Жаңы тарых, Байыркы дүйнө жана  Орто кылымдар тарыхы  жана Азия жана Африка  өлкөлөрүнүн  тарыхы  кафедралары бириктирилип Жалпы тарых кафедрасы түзүлгөн. Кафедра башчылыгына доцент С.А.Абдрахманов бекитилет.

1999-жылдын декабрында Азия жана Африка өлкөлөрү-нүн  тарыхы  кафедрасы кайрадан түзүлгөн.

Белгилеп кетүүчү жагдай,  1990-жылдары тарыхчы адистерди даярдоо боюнча  реформаларды ишке ашырабыз деген  максат менен факультеттин курамындагы  кафедралардын аттары тез-тез өзгөрүлүп турган. Мисалы, 1992-ж.  Совет мезгилине чейинки СССР элдеринин тарыхы кафедрасы – Түркстан, Кавказ жана Россия элдеринин  тарыхы кафедрасы, 1994-ж. аталган кафедрага Совет доор  мезгилиндеги  СССР элдеринин тарыхы кафедрасын кошуу менен КМШ элдерини тарыхы кафедрасы түзүлгөн.

«Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы» кафедрасын 1994-2001-жж. аралыгында т.и.к., профессор Өмүрбеков Т.Н. жетектеген. 2001-2010-жж.  чейин  кафедраны  Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, т.и.д., профессор З. Эралиев жетектеп келген. 2010-2016-жж. кафедраны т.и.к., доцент Т.Б. Шейшеканов жетектеп келди.

2016-жылы Кыргыз улуттук университетиндеги структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу Азия жана Африка өлкөлөрүнүн  тарыхы  кафедрасы жана Европа жана Америка  өлкөлөрүнүн  тарыхы  кафедрасы бириктирилип  Жалпы тарых кафедрасы болуп түзүлгөн.

2021-жылы Жалпы тарых кафедрасы экиге бөлүнүп Азия жана Африка өлкөлөрүнүн  тарыхы  кафедрасы кайрадан түзүлдү. Учурда кафедраны т.и.к., доцент М.Б.Асипбаева жетектеп келет. Азыркы мезгилде кафедрада  1 илимдин доктору – профессор З.И.Галиева, 6 илимдин кандидаттары – доцент М.И.Исабекова, доцент Т.Б.Шейшеканов, доцент М.Б.Асипбаева, доцент Б.С.Жалиева, доцент Г.Ж.Чодолдоева, ага окутуучу Ө.Ж. Алымкожоев эмгектенишет.

Кафедра мүчөлөрү адис тарыхчыларды даярдоо боюнча окуу процессинде, окуу-усулдук, илимий-изилдөө жана тарбия иштеринде активдүү иш алып барууда.

2. Кафедра башчысы

Асипбаева Майрам Бейшенакуновна

т.и.к., доцент

asipbaeva

3. Кафедра мүчөлөрү

Исабекова Мархамат

т.и.к., доцент

isabekova

Шейшеканов Турдубек Бейшенакунович

т.и.к., доцент

sheishekanov

Галиева Зайраш Идрисовна

т.и.д., профессор

galieva

Жалиева Бегайым Самидиновна

т.и.к., доцент

jalieva

Чодолдоева Гүлзат Жусуповна

т.и.к., доцент

chodoldoeva

Алымкожоев Өмүрбек Жумадилович

т.и.к., ага окутуучу

alymkojoev

Шейшенов Айдар Таалайбекович

лаборант

sheishenov