Четверг, Ноября 14, 2024

"ККИнин периси - 2011"

altКыштын ызгаары айлананы кучагына алып турса да кыздардын жанга жагымдуу назына чулганган, гүл жыттанган, жан дүйнөңө жылуулугун тараткан жаз мезгили кадамын арымдата кирип келди. Ушул жылуулук менен бирге Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Кыргыз-Кытай институнун жамааты үчүн маңдай жарган кубанычтуу жаңылык болуп өттү. Ал - "Кыргыз-Кытай институнун периси - 2011" кароо-сынагы.

Сынак 2011-жылдын бирдин айынын 28-инде "Сейтек" балдар борборунун чоң залында уюштурулду. Салтка айланган бул көрүнүштүн программасында төмөндөгүдөй тапшырмалар белгиленген:

 

1. Визиттик карточка (тааныштыруу);

2. Патриоттук конкурс "Кыргызым" ( көркөм окуу);

3. "Мыкты кожойке" (улуттук тамак-аштын түрүн сунуштоо);

4. Үй тапшырма ( ырдоо, бийлөө ж.б.);

5. "Дефиле"конкурсу (кечки кийимдин көргөзмөсү).

Албетте, атаандаштардын иш-аракетин таразадай тактык менен баалоо үчүн атайын кара кылды как жарган калыстар тобу бекитилген. Атап айтканда:

1) Б.Т.Токтобаев - ККИнин директору, профессор;

2) К.А.Алымбеков - Ж.Баласагын атындагы КУУнун проректору, профессор;

3) Ж.А.Акматов - Ж.Баласагын атындагы КУУнин тарбия иштери боюнча проректору;

4) Д.Ж.Шадиев - ККИнин окуу иштери боюнча координатору;

5) Р.С.Абдырахманова - ККИнин башкы эсепчиси;

6) Ч.С.Алманбетова - Кыргыз-Кытай колледжинин директору;

7) Р.Коодоков - студенттик комитеттин торагасы.

Калыстар тобу таймашка катышып жаткан 11 кыздын ичинен талантына, жөндөмүнө, шыгына, сырткы келбетине карата жыйынтык чыгарышты.

Натыйжада, "Кыргыз-Кытай институнун периси-201 1" деп, II курстун студента Таалайбек кызы Назгүл, "Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон пери" II курстун студенти Сабурова Умида, "Келбеттүү пери" II курстун студента Болотбек кызы Бурулжан жана башка аталмаларга Жоломанова Салтанат, Мансыр кызы Элнура, Айгерим,Умралиева Алиналар ээ болушту.

Сынактын жыйынтыгында ар бир сулуу кыздарыбыз аталмалар боюнча диплом, активдүү катышкандыгы үчүн грамоталар жана кызыктыруучу белектер, "Ширин" ААКнын таттуу торттору менен сыйланышты.

Бул иш-чараны өткөрүүдө өзгөчө колдоо көрсоткөн демөөрчүлөр "Ширин" ААК, "Спорт ардагерлеринин кеңеши" жана "Чүй областынын ардагерлер кеңеши", ал эми уюштуруу иштерин жетекчиликке алышкан ККИнин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, доцент Торогелдиева Г.А.,"Эстетикалык жана гуманитардык дисциплиналар боюнча факультет аралык кафедрасынын" кафедра башчысы, доцент Джаныбаева P.M. жигердүү иш алып барышты.

Сөзүбүздүн акырында айтарыбыз Ф.М. Достоевский айткандай "дүйнөнү сулуулук сактап турат". Сулуулукту жашоонун маңызы менен айкалыштырып, аны барктап, баалап, аздектеп күтүп алуу - ар бирибиздин милдетибиз. Бар болгула, кыргыздын ай мүчөлүү перилери!

Кыргыз-Кытай институтунун окутуучусу З.А.Байсалбекова

Кароо-сынактан кенен фоторепортаж