КУУнун бийкечтери "Сармерденде" КМАКТУнун жигиттерин жеңишти
13.03.2017 15:59
2017 жылдын 11-март күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик унивеститетинде болуп өткөн_“Сармерден” оюнунда_КУУнун бийкечтери Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш жана транспорт университетинин жигиттери менен бетешип,_жеңишке ээ болушту жана кубок, грамоталар менен сыйланышты.
ЖОЖдор_арасында биримдикти бекемдөө максатында өткөрүлгөн_оюндун калыстар тобун КТРКнын белгилүү режиссеру_Сагын Ниязалиева жетектеди.
Абдан кызыктуу жана жогорку денгээлде өкөн мелдештин башында Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Садык Тиллебаев сөз сүйлөп, оюндун уюштуруучусу И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик унивеститетине жана “Сармерденди” улантып, жетектеп келе жаткан Сагын Ниязалиевага терең ыраазычылыгын билдирди жана командаларга ийгилик каалады.
Касмакунов Ынтымак -_КУУнун студенттик сенатынын төрагасы