Понедельник, Декабря 08, 2025

Айтматовдун асманы

1002-декабрь – "Улуттук адабият күнүнө" байланыштуу өлкөбүздүн булуң-бурчунда ар кандай маданий иш-чаралар: китеп көргөзмөлөр, окуу бурчтары уюштурулуп, эскерүү кечелери өткөрүлүүдө. Кудурет ушул күндү улуттук маданиятыбыз үчүн унутулгус майрам болор куттуу күнгө айлантып, аалам алпы Айтматовдун атын асманга жылдыз кылып жазган турбайбы!

Ошол эле күнү тилекке каршы, улуттук поэзиябыздын чолпон жылдызы Алыкул Осмоновду кайтпас сапарга узаткан күнүбүз, оомал-төкмөл дүйнөдө биринде жарык дүйнөгө ыңаалап келген наристе үнүн угузган шаңдуу күн болсо, биринде Ала-Тоо аза-кайгынын аязына тоңуп турган муңдуу күн эле!..

2016-жылдын 9-декабрь күнү башкы имараттагы мультимедиа борборунда эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети тарабынан Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү.

Жаңы гана окуу жайдын босогосун аттаган жаркын жаштардын жалынын жакшы иштерге үгүттөгөн филолог Салтанат Бакасова студенттердин жан-дүйнөсүн жазуучунун чыгармалары менен сугаруу аркылуу калем күчүнө, сөз кудуретине, талант таасирине таазим эттирди, адабий дүйнө менен байланышкан студенттик күндөрдүн таттуу даамын таттырды.

“Атадан калган туяк”, “Саманчынын жолу”, “Кызыл алмадан” үзүндүнү кызыктуу кылып аткарган студенттердин аракеттери көрөрмандардын көкүрөк күүсүн чертип, кадимкидей сахна кыймылына кирпик ирмебей муюп калышты. Кээде кыялдарың көркөм дүйнөнүн көкөлөгөн булутуна байланып калгансыйт. Тасма тарыхында гана сакталган санжыргалуу Сүймөнкулдун, татынакай Таттыбүбүнүн жаркын элестерин бир жарк эттире келиштирип аткарган студенттерибиздин ички жана сырткы сулуулугунан “уучубуз кур эмес” экен деген жакшылыктын жышааны жан-дүйнөңдө жылт этет.

“Атадан калган туяктагы” Авалбектин кинодогу “атасын” туурап тулку бою менен жасалмасыз жыгылганы, апасы Жээнгүлдүн аянычтуу абалы студенттердин эле эмес, келген коноктордун да карегине жаш айлантты.

“Саманчынын жолундагы” Майсалбектин катын корей улутундагы жигиттин көркөм окууга далалаттангандыгы, орус улутундагы кыздын кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү менен жаңылбай жай, так айтканы, жан-дилин төшөп, чыгармадан үзүндүнү сезимине жууруп, образ жараткан студенттер, баары биригип Айтматовдун ааламында жыйылып, жылуу маанайдагы, бирок тилекке тескери, (жазуучубуздун көзү тирүү болгондо не!) эскерүү кечесин өткөрүп жаткандыгы – көркөм дүйнө, адабият ааламы адам тилине да, чек арага да баш ийбеген чексиз улуу күч, рухий рахат экендигинин күбөсү эмеспи!

Чакырылган коноктордун Чыңгыз Айтматов жөнүндө эскерүүлөрүн студенттер да эң маанилүү маалыматтардын булагы катары кабылдап угушту. Бул кечеге келген УИАнын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор Акматалиев Абдылдажан агай, аталган факультеттин деканы, профессор Бейбутова Ырыс эженин жана журналистика факультетинин профессору Тагаев Бегалы агайлардын алп жазуучу менен болгон жолугушуулары, жакын мамилелери жалпы угармандарга жагымдуу таасир калтырды.

Абдылдажан агай: “Алп жазуучубузга арналган ар бир кече мен үчүн абдан маанилүү. Анткени ал адамдын жанында көп жүргөн адам катары анын ар бир кыймылы көз алдымда турат. Биз Айтматовду окуу аркылуу гана анын экинчи өмүрүн улай алабыз. Ар бир адам эле бийлей албайт, ырдай албайт,бирок китеп окуй алат, ошондуктан жаштарга айтарым окугула, “Окуу, окуу жана окуу” деген сөз бекеринен айтылган сөз эмес! Сиздердин ушундай иш-чарага чакырып, таасирленткениңиздерге ыракмат, бүгүнкү аракетиңиздерге ыраазычылык катары өзүмдүн китептеримден белекке ала келдим, китеп окуган жаштар биздин келечегибиз” деп сөзүн жыйынтыктады.

Факультеттин деканы Ырыс Алжанбаевна “Айтматовду көргөн, жолуккан, сүйлөшкөн адамдар бактылуу, замандаш болуу да мезгил энчиси. Биз ушундай залкар адамдарыбыз менен сыймыктануубуз керек. Тээ илгерки жаштык кезибизден бир мисал келтирип кетейин.

- Мен Москвада иштеп жүргөн кезим. Бир күнү курсташ балабыз менен троллейбуста баратсак, ал мени түртүп эле “Тигине Айтматов!” деп шыбырап калды, карасам аскадай болуп элдин арасында биздин Айтматов турат, баары эле жабалактап аны карайт, биз да бир карап таңыркап, сүрдөнүп, бир чети күтүлбөгөн жолугушууга ишенип ишенбегендей, негедир ошол абалыбыздан кысынып уялгансып туруп калдык. Бир аялдамадан Айтматов түшүп кетти. Троллейбуста канча көз болсо ошонун баары анын калдайган сүйкүмдүү караанын ээрчиди да калды...

- Андан кийин жылдар өттү, өкүнүчтүүсү дал ошол көз ирмемдеги сыймыктануу сезимибизди колдон учуруп ийгенибиз болду. Эгерде тартынбастан: “Саламатсызбы Чыңгыз Төрөкулович?!” деп саламдашканыбызда, биздин улуттун уулу экендигине сыймыктанганыбызда, ал дагы алик алып, биздин да төбөбүз көккө жетмек экен деп ойлой берем.

- Жаштар силер эч качан тартынчак болбогула, уялбагыла, тандаган кесибиңер ага жол бербейт, силер элибиздин маданиятын чет өлкөлөргө тааныштыра турган, жакшылыгын жар сала турган жаш муундар болуп эсептелесиңер. Өз улутуңардын көркөм дөөлөттөрүнө көкүрөк керип, атактуу инсандардын жарыгына жылынып, дайыма духуңарды бийик тутуп жүрүүгө тийишсиңер. Андыктан азыркы аткарып жаткан сценкаңарды сыймыктануу менен ар кандай иш-чараларда ойноп берсеңер да ашык болбойт. Окууңарда ийгилик болсун, бизге келип окуган таланттуу жаштар менен ар дайым сыймыктанабыз!”, - деп ары маанилүү, ары сабак болчу сөзү менен студенттерге ыраазычылыгын билдирди. Дегеле, университетибизде жүрүп жаткан иш-чаралардын жүрөгүн тыңшап, тамырын кармап, сезиминде таразалап сүйлөгөн декандын сөзү студенттердин “кулагына күмүш сырга” болгонсуду.

Иш-чаранын тарбиялык мааниси - залкар жазуучунун улуу рухуна таазим этүү, классикалык чыгармаларынын касиет-күчүн кан-жаны менен сезүү жана автордун бийик идеяларындагы “Адам уулу канткенде адам болот” деген мезгилдин түбөлүктүү суроосун ортого салуу болду.

Акырында айтарыбыз, жаштыктын жалын күчүн сабакка жумшоо менен жашыл түстүү бүчүрдөй болгон жаш аалам – студенттин жаш көчөттөй тамырына рухий азык тартуулаган, университеттин аудиториясын адабияттын асыл дүйнөсү менен кооздогон окутуучулардын аракет-мээнетине ыраазычылык билдиребиз! Кесиптештерин колдоп, ак бата, акыл-кеңешин айтып турган, агай-эжейлерибиз, жетекчилерибиз бар болсун демекчибиз. Биз күбө болгон көз ирмемдердеги мөлтүрөгөн жаштар, мезгил өтсө дал өзү ойноп образын жараткан атактуу актерлордой, же болбосо талантына таазим эткен жазуучубуздай ысмы сыймык менен аталган адамдардан болушар, бар болгула байчечекейлер, жаратканыбыз алдыдагы улуу максат, аруу тилектериңерге жеткирсин, алыска тарткан сапарыңарда ар дайым ниетиңер жолдош болсун, асманыңарда Айтматовдун ак булуту айланып, колдоп жүрсүн!

Б.Мырзатаева - "Улуттук университет"гезитинин редактору