КУУда "Билим күнү" белгиленди
01.09.2014 11:46
2014-жылдын 1-сентябрында башкы имараттын алдындагы аянтчада жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Жаштар комитети тарабынан даярдалган бул иш-чараны журналистика факультетинин 3-курсунун студенти Таттыбүбү Садырбекова жана Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун 3-курсунун студенти Каныбек уулу Бекзат алып барышты.
Кыргыз Республикасынын гимни ойнолуп бүткөн соӊ, КУУнун ректорунун милдетин аткаруучу, философия илимдеринин доктору Эрмек Усекеев Улуттук университеттин студенттерин жаӊы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, аларга чың ден соолук жана окуудагы ийгиликтерди каалады.
Окуу жайдын студенттерин жана эмгек жамаатын жаңы окуу жылы менен о.э. КУУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Шаршенбек Сальпиев да куттуктады. Ал студенттерден “Кыргыз мамлекетинин гүлдөп, өнүгүшү үчүн эмне кылдыӊар?” деп сураганда, алар “Агай, биз али иштей элекпиз да” деп жооп беришээрин айтып, сапаттуу билими бар адис Кыргызстан үчүн баа жеткис ресурс экенин, ал эми сапаттуу билим алуу - талыкпаган эмгекти талап кылган өтө оор, жоопкерчиликтүү жумуш экенин белгиледи. "Ошондуктан, урматтуу студенттер, силер студенттик кезде да мамлекетибиздин гүлдөп, өнүгүшү үчүн өз салымыңарды "окуу, окуу жана окуу" аркылуу кошо аласыңар", - деп өз сөзүн жыйынтыктады университеттин профсоюз лидери.
29-август күнү мамлекет башчысынын колунан президенттик стипендия алган журналистика факультетинин 5-курсунун студенти Мурат Соорбеков ийгиликтерге кантип жетишкендигин айтып, студенттик тажрыйбасы менен бөлүшүп, биринчи курстун студенттерине ак жол каалады.
Жыйындын соңунда КУУнун таланттуу студенттери өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, төмөндөгү чыгармаларды аткарышты:
1. Турсунаалы уулу Тургунаалы - дүйнөгө белгилүү манасчы Жусуп Мамай атанын чөбөрөсү, кыргыз филологиясы факультетинин 2-курсунун студенти. "Манас" эпосунан үзүндү".
Ал адатынча эпостун сюжетине ушунчалык берилип, кызыгына кирип, транска түшүп кеткендиктен, алып баруучулар аны токтото алышпай, студенттер көтөрүп кетишти.
2. Нурбек кызы Жибек - Санкт-Петербург шаарында өткөрүлгөн "Мисс "Жаз ханышасы" - 2014" сынагында 4-орунду ээлеген Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун 2-курсунун студенти. "Маш ботой" күүсү.
3. Юридикалык институттун 3-курсунун студенти Шаршекеев Ислам. "Ж.Бизенин 'Кармен' операсындагы 'Тореадор маршы' ".
4. Турсунаалы уулу Тургунаалы - дүйнөгө белгилүү манасчы Жусуп Мамай атанын чөбөрөсү, кыргыз филологиясы факультетинин 2-курсунун студенти. "Кыргыз бийи"
