КУУда окуучуларга экологиялык тарбия берүү боюнча семинар болуп өттү
25.03.2013 19:37
2013-жылдын 15-мартында университеттин чоң жыйындар залында КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту, Казакстан Республикасынын “Гүлзар” коомдук бирикмеси, “Гүлстан” илимий-таанымдык журналы тарабынан уюштурулган «Билим берүү мекемелерин жашылдандыруу аркылуу окуучуларга экологиялык тарбия берүүнүн педагогикалык негиздери» аттуу семинар болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын Эл мугалимдери, белгилүү окумуштуулар, казакстандык коноктор катышып, келечек муунду мекенчилдикке тарбиялоо үчүн табиятты сүйүү зарыл экенин айтып, тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Казак тарап ЖОЖдордун, мектептердин, бала бакчалардын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү үчүн ПКМДИнин сегиз студентин бекер окутуп, үйрөтмөк болду. Ал эми “Гүлзар” коомдук бирикмеси КУУнун 80 жылдыгына карата окуу жайдын айланасына Кыргызстандын Туусун жана КУУга 80 жыл деген жазууну гүл менен жазып, тартышмак болду.
Аталган семинарды КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Рахат Сулайманова ачып, КМШ чөлкөмүндөгү окуу жайларда аталган маселени жайылтуу менен экологиялык билим берүүнүн жолдорун жогорку деңгээлде өркүндөтүү аталган семинардын максаты экенин айтты.
Семинар Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору, п.и.д. профессор И.Ч. Исамидинов жана Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин профессору Бактияр Смановдордун куттуктоо сөздөрү менен башталды. Андан соң, келген коноктор биринин артынан бири чыгып, “кыргыз-казак бир тууган, калгандарын ким тууган?”, тили, дили ж.б.у.с. окшош жактарын баса белгилешип, ар кыл ойлор айтылып, экологиялык жактан калыптандырууга педагогикалык мекемелердин ролу зор экени баса белгиленди. Айрыкча демилге көтөрүп жаткан окумуштуу казак боордошторубуздун асыл ойлору илимий жактан дүйнөдөгү экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдөгү негизги пайдубал катары кабыл алынып, эки тараптуу кызматташууга келечек муунду татыктуу тарбиялоонун мыкты жолу экени айтылды.
Семинардын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын “Гүлстан” республикалык илимий-таанымдык журналынын башкы редактору, “Өсүмдүктөр ааламы” окуу-методикалык комплексинин автору Гозел Кулжабаева "Билим берүү мекемелерин жашылдандыруу аркылуу окуучуларга экологиялык тарбия берїїнїн педагогикалык негиздери”, Казак мамлекеттик кыздар педагогикалык университетинин профессору, Казакстан Республикасынын билим берүү ишинин мыкты кызматкери, окуу китептеринин автору Рысбай Сатымбеков “Г.Кулжабаеванын окуу-методикалык комплексинин таанымдык жана тарбиялык мааниси”, Кыргыз билим берүү академиясынын лабаратория башчысы, профессор Сулайман Рысбаев “Казакстандагы мектеп айланасын жашылдандыруу аркылуу окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо тажрыйбасы” жана Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ЮНЕСКО борборунун директору, профессор, “Єрїтпес” ОЮЛ АКНОнун президенти Лайла Ахметова «Экология боюнча медиа билим берүү» аттуу докладдары менен чыгышты.
Андан кийин казак боордошторубуз алып келген окуу китептерин, дидактикалык материалдарды КУУнун, ПКМДИнин китепканаларына белек катары тартуулашты. Семинарды жыйынтыктап жатып иш-чаранын катышуучулары, эки тараптын демилгесин колдоого алып, жалпы билим берүү мекемелерине жайылтылсын, эки тараптуу кызматташтык күч алып, алардын ортосунда атайын келишим түзүлсүн, окутуучулардын усулдук чеберчилигин жогорулатуу иш-чаралары уюштурулсун жана илимий конференцияларды, форумдарды, фестивалдарды уюштуруу пландары иштелип чыгылсын деген чечим кабыл алынды.
«Билим берүү мекемелерин жашылдандыруу аркылуу окуучуларга экологиялык тарбия берүүнүн педагогикалык негиздери» аттуу семинарды өткөрүүгө, ошондой эле эл аралык билим берүү байланышын чыңдоого кошкон зор салымы үчүн иш-чаранын катышуучуларына КУУнун ректорунун Ыраазычылык каты тапшырылды.
Семинарды Алматыда өткөн «Тынчтык-ааламдын максат-мураты» аттуу II эл аралык жаштар жана студенттер фестивалында баш байгени жеңген ПКМДИнин чыгармачыл студенттери даярдаган чакан концерт жыйынтыктады.
Материалды даярдаган:
Адилет Самсалиев - ПКМДИнин басма сөз катчысы