КУУда Улуу Кыргыз кагандыгынын 1170 жылдыгына арналган конференция өтүүдө
15.11.2012 14:06
Бүгүн, 2012-жылдын 15-ноябрында, КУУнун чоң жыйындар залында Улуу Кыргыз кагандыгынын 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: Кыргызтаануу маселелери» аттуу эл аралык илимий конференция башталды. Иш-чараны КУУнун ректору, профессор Искендер Исамидинов ачты. Ал аталган конференциянын демилгечиси Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев экендигин, ага кыргыз тарыхын изилдөөдө зор салым кошкон Орусиялык, Түркиялык, Казакстандык жана өлкөбүздүн белгилүү окумуштуулары катышып жаткандыгын белгилеп, Кыргыз Өкмөтүнүн колдоосунда өтүп жаткан эл аралык деңгээлдеги бул иш-чаранын максаты – кылымдарды басып өткөн кыргыз тарыхынын дүйнөлүк жана түрк цивилизациясындагы ордун кеңири талкуулоо жана олуттуу, салмактуу жыйынтыктарды чыгаруу экендигине токтолду.
Конференциянын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан анын кеңешчиси Фарид Ниязов, Кыргыз Республикасынын Премьер министринин атынан анын кеңешчиси Султан Раев куттукташып, Президент менен Премьер-министрдин куттуктоо каттарын окуп беришти.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Канат Садыков кыргыз тарыхын изилдөөгө арналган бүгүнкү эл аралык илимий жыйындын өзгөчөлүгүн белгилеп, окумуштуу катары бир нече постулаттарды айтты жана форумдун ишине ийгиликтерди каалады.
Расмий бөлүм аяктаган соң, конференциянын пленардык отуруму башталып, анда төмөндөгү илимий докладдар окулду:
1) Т.Чоротегин - Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору: “Кыргыз мамлекеттүлүгүнүн башаты: байыркы доор жана орто кылымдардын орто мезгили”
2) Ю.С.Худяков (Новосибирск ш.) – т.и.д., Орусия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн илимий кызматкери, Новосибирск мамлекеттик университетинин Археология жана этнография кафедрасынын башчысы: “Кыргыз каганатынын ткрыхынын “жылдыз сермеген” сааты.
3) В.В.Ушницкий (Якутск ш.) – Орусия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн гуманитардык жана Сибирдеги аз сандуу калктардын көйгөйлөрүн изилдөө институтунун илимий кызматкери: “Кыргыз каганаты: Көчмөндөр дөөлөтүбү же эрте мамлекетпи?”
4) Б.Б.Монгуш (Кызыл ш.) – Тыва Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Тыва гуманитардык изилдөө институтунун тарых секторунун илимий кызматкери: “Аз этносунун теги жана байыркы кыргыздар менен алакалары (Чыгыш жазма булактарынын негизинде)”
5) М.Кожобеков – т.и.к., Кыргыз-Түрк “Манас” Эл аралык университетинин доценти: “Кыргыз каганатынан Улуу Кыргыз дөөлөтүнө”
6) Т.Акеров – т.и.к., Кыргызстандын эл аралык университетинин Этнология институтунун директору: “”Енисей кыргыздары жана Улуу Кыргыз кагандыгы (VIII-X кылымдар”
Тыныгуудан кийин «Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: Кыргызтаануу маселелери» аттуу эл аралык илимий конференциянын секциялык отурумдары башталды.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын алдындагы “Мурас” тарыхый жана маданий мурастар коому жана “Кыргыз тарых коому” эл аралык коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду.
Конференциянын иши эртең, 16-ноябрда, улантылат.