Понедельник, Декабря 15, 2025

Улуттук китепканада Жалил Садыковдун 80 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмө ачылды

alt2012-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын Гимнинин автору Жалил Садыковдун 80 жылдыгына арналган «Ойчул акын, залкар драматург» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөнүн ачылыш аземи өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары, акын Кожогелди Култегин; Кыргыз эл жазуучулары Кеңеш Жусупов, Калканбай Ашымбаев; Кыргыз эл акындары Майрамкан Абылкасымова, Төлөгөн Мамеев; Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Акбар Рыскулов, Сейит Жетимишев; Кыргыз улуттук университетинин ректору Искендер Исамидинов жана башкалар катышышты.

Көргөзмөнүн ачылышына арналган жыйында КУУнун ректору сөз сүйлөп, Жалил Садыковдун 80 жылдыгы анын эстелигине гүл койуу менен башталып, КУУда илимий конференция менен уланганын, ал жерде Кыргызстанга эле эмес, шериктеш мамлекеттерге белгилүү болгон академиктер, залкар окумуштуулар жана жазуучулар доклад жасашып, Жалил агайдын чыгармачылыгана терең талдоо жүргүзүшкөнүн белгиледи.

"Кайсы бала бакча, мектеп, жогорку окуу жайы, мекеме, ишканага барбагын - босогону аттаганда эле Кыргыз Республикасынын гимни илинип турат, автору Жалил Садыков деп. Кандай гана жыйын, кандай гана салтанат болбосун Кыргызстандын ар бир жараны колун жүрөгүнө коюп, гимнди ырдар турат. Мектептерде жана жогорку окуу жайларда агайдын чыгармалары окутулат. Жалил Садыковдун түбөлүктүүлүгү ушунда. Маданият министринин орун басары Кожогелди Култегин айтты, Жалил агай эки гимндин автору деп. Бири – Кыргыз Республикасынын гимни, экинчиси – Манастын гимни. Мен буга кошулам. Анткени, эч ким Жалил Садыковду манасчы эмес деп айта албайт. Ал Манас үчилтигин драматургияда көрсөттү", - деп сөзүн улантты Искендер Исамидинов.

"Жалил Садыковго "Кыргыз эл баатыры" деген наам берилсе, ашык болбос эле" деген КУУнун ректорунун жыйынтыктоочу сунушун жыйындын катышуучулары дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты.

Китеп-сүрөт көргөзмө 4 бөлүктөн турат. Алар "Жалил Садыков - көркөм поэзиянын чебери","Жалил Садыков - улуттук драматургиянын устаты", "Жалил Садыков - котормочу" жана "Замандаштары Эл акынын эскерет" деп аталат

Кыскача маалымат

Жалил Садыков 1952-жылы орто мектепти аяктап, «Ак Түз» комбинатынын шахтасында иштеген. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

1958-1959-жылдары Главлитте, «Кыргызстан пионери». газетасында бөлүм башчы, 1959-1963-жылдары Нарын, Ысык-Көл областтары боюнча Жазуучулар союзунун адабий кеңешчиси, 1964-жылы «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, «Жаш Ленинчиде» башкы редактор, 1986-1988-жылдарда Маданият министрлигинин репертуардык-редакция коллегиясынын башкы редактору болуп иштеген.

Ж.Садыковдун чыгармачылыгы 1950-жылдары башталып, 1958-жылы «Убада» аттуу биринчн ырлар жыйнагы жарык көргөн. Ага удаалаш эле «Жайкы таңда», «Кечээкинин күбөсү», «Акын чабан», «Сары-Өзөн», «Кылымдын барактары», «Менин ырым - Мекеним», «Унутулгус обондор», «Тууган жер», «Мөлтүр булак», «Аккан суу», «Жер керемети» ж.б. ырлар жыйнактары, очерктер жыйнагы, тандалмалар жыйнактары басмадан чыккан. Анын көптөгөн ырларына обончулар тарабынан обон чыгарылып, радио-телевидениеде ырдалып келатат.

Ж. Садыков кыргыз драматургиясынын өсүп-өнүгүшүнө негиз салуучулардын бири. «Манастын уулу Семетей» (1982), «Сейтек» (1987), «Айкөл Манас» (1990) үчилтиги Кыргыз улуттук академиялык драма театрында ийгиликтер менен коюлуп келүүдө.

Ага «Манастын уулу Семетей» эпикалык драмасы үчүн 1986-жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.

«Карагул ботом», «Табышкандар», «Жукеев-Пудовкин», «Тайгак жол», «Боз торгой», «Акыйкат» аттуу драмалары, «Күйөө жолдош» комедиясы, балдарга арналган «Азамат», «Эр Төштүк», «Ачкөз жана боорукер», «Толубай сынчы» драмалары театрлардын репертуарынан түшпөй коюлуп келет.

Кийинки жылдары жазылган «Адам жана азезил», «Өмүр жана өкүнүч» (Шабдан баатыр), «Ормон хан» аттуу тарыхый пьесалары да театрлардын өнөр секисинен орун алган.

Ж. Садыков драма жанрында гана эмгектенбестен, көркөм котормодо да үзүрлүү иштеп, Омор Хаямдын, Р. Гамзатовдун, К. Кулиевдин, Гейненин, Шевченконун, Пушкиндин, Лермонтовдун чыгармаларын кыргызча которгон. Анын чыгармалары да орус, казак тилдерине которулуп, боордош элдердин театрларынын сахналарында коюлуп келатат.

Акын, драматург, Кыргыз Республикасынын символу болгон Гимндин автору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, белгилүү коомдук ишмер. Адабиятка сиңирген эмгеги жогору бааланып, «Кыргыз Республикасынын маданиятын эмгек сиңирген ишмер», «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» деген наамдар ыйгарылган. «Манас» ордени, Ардак Грамоталар, бир нече медалдар менен сыйланып, эл аралык «Руханият» сыйлыгын алган.

Маалымат Улуттук китепкананын кызматкерлери тарабынан даярдалды.