Понедельник, Декабря 08, 2025

КУУнун студенти Акбар Кубанычбеков - “Периштенин канаты” аттуу ырлар жыйнагынын автору

alt2012-жылдын 2-ноябрь күнү башкы имараттын чоң жыйындар залында поэзия кечеси болуп, анда кыргыз филологиясы факультетинин 3-курсунун студенти, жаш акын Акбар Кубанычбековдун “Периштенин канаты” аттуу алгачкы ырлар жыйнагынын бет ачары болду. Кыргыз филологиясы факультетинин деканы, профессор Бектурсун Байсабаев өзү жетектеген түзүмдө ушундай чыгаан студент бар экенин сыймыктануу менен айтып, Акбардын окуудагы ийгиликтерин да белгилеп өттү. Жаш авторго өздөрүнүн каалоо-тилектерин профессор Абдыкадыр Садыков, доцент Ишенбек Султаналиев, акын Жыпара Исабаева, КТРКнын “Күндүн темасы” социалдык-экономикалык программасынын алып баруучусу Таалайкүл Чабдарова, "Алыкулдун ак боз аты" сыйлыгынын ээси, акын Бактыгүл Чотуровалар жана жакындары да айтышып, акындык калемди мындан ары да курчута беришин каалашты.