Жекшемби, Май 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 09.06.2023 отуруму

00

2023-жылдын 9-июнь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары "КУУда жаштар саясатын ишке ашыруу жана студенттердин коомдук активдүүлүгүн өстүрүү аракеттери жөнүндө" жана башка ар түрдүү маселелер каралды. Жыйындын башында ректор кворумду текшерип, окумуштуу катчы бар экенин билдирген соң, отурумдун күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң "Мезгилдүү басма сөз" кафедрасынын доценти Жибек Абдикеримовага "доцент" наамын ыйгаруу жөнүндө маселе каралып, жашыруун добуш берүү боюнча эсептөө комиссиясы шайланды жана аталган комиссия өз ишин баштады. 

Илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, белгилүү педагог, жаңычыл мугалим Бектур Исаковго жана белгилүү мамлекеттик ишмер, көрүнүктүү окумуштуу Абдыганы Эркебаевге "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизип, негиздеп берди.

Андан кийин, Төлөбек Абдырахманов Окумуштуулар кеңешинин май айындагы отурумунда кабыл алынган чечим менен "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылган Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, Кыргыз Республикасынын эл акыны Акбар Рыскуловго аталган наамдын диплому менен академиялык мантиясын, ал эми социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директорунун м.а. Мырзабек уулу Камчыбекке Казакстандын "Бобек" ассоциациясы тарабынан ыйгарылган "КМШнын мыкты педагогу-2023" төш белгисин тапшырды.

Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун директору Алайбек Шамшиев менен бөлүм башчысы Алмаз Дооранов институттун базасында Агробизнести өнүктүрүү борборун ачуу жөнүндө маалымат беришти.

Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтундагы жана Кыргыз-кытай институтунданы өзгөртүүлөр жөнүндө түзүм жетекчилери Бактыгүл Баратова менен Софья Апаева билдирүү жасашты.

Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бакыт Жайлообаев филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасына п.и.д., профессор Киреше Иманалиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө, Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директоруну м.а. Рахат Сулайманова институттун курамына адистиктерди өткөрүү жана педагогикалык колледжди ачуу жөнүндө, ал эми Тилдерди үйрөнүү борборунун башчысы Тамара Симонович борбордун аталышын өзгөртүү жөнүндө сунуш киргизишти

Юридикалык институттун жаңы структурасы тууралуу түзүм жетекчисинин м.а. Назаркул Ишекеев жана ректор Төлөбек Абдырахманов маалымат беришти.

Отурумдун жүрүшүндө о.э. Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун доценти, псх.и.к. Камчыбек уулу Мырзабек тарабынан даярдалган “Самопонимание личной и социальной идентичности в суверенном Кыргызстане 21 века” монографиясынын басылып чыгарылышы, министрликтин грифи берилген У.С.Сулайманова, Т.А.Абдыкаировдун “Бухгалтердик эсеп” окуу китебинин кайра басылып чыгарылышы, Юридикалык институттун  профессордук-окутуучулук курамын Кыргыз Республикасынын  Юстиция министрлигинин ведомстволук сыйлыктарына сунуштоо, изденүүчүлөрдүн диссертацияларынын темаларын бекитүү жана илимий консультанттарды дайындоо жөнүндө маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйындын соңунда Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Кадыр уулу Алмазбек "КУУда жаштар саясатын ишке ашыруу жана студенттердин коомдук активдүүлүгүн өстүрүү аракеттери" боюнча баяндама жасады.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

52

54

56

58

60

62

64

66

68

70

72

74

76

78

80

82

84

86

88

press knu 2023