Ректор 1-курстун активист студенттери менен жолугушту

2023-жылдын 19-сентябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында ректор Төлөбек Абдырахманов Улуттук университеттин 1-курсунун активист студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынды тарбия иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Ынтымак Касмакунов алып барып, сөз кезегин ректорго берди. Төлөбек Абдырахманов жолугушууга келген студенттерге ыраазычылык билдирип, төмөндөгүлөргө токтолду. – Урматтуу биздин кадырлуу, сүйүктүү студенттер! Университеттин ректору катары силерди ушул жерге алып келген ата-энеӊерге, окуткан эже-агайыӊарга чоӊ ыраазычылык билдирем. Жылына биз кабыл алган студенттерге анализ жасайбыз, келген балдарга жараша университеттин деӊгээлин, өнүгүү мүкүнчүлүгүн, өнүгүү динамикасын жана багыттарын аныктайбыз. Быйылкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ичинен биринчи орунга чыктык, ЖРТнын орточо баллы боюнча дагы алдыӊкы орундабыз.
Мыкты деген жогорку окуу жайлардын ичинен Улуттук университетти тандап, мыкты адис болом, элиме-жериме керегим тийген мыктылардын катарын толуктайбыз деген ой-максаттар менен келдиӊер. Эми биздин милдетибиз - силердин үмүтүӊөрдү актап, татыктуу билим, таалим-тарбия берип, ар бириӊердин катылып жаткан талантыӊарды ачуу. Билимге жоопкерчиликтүү көз карашта карагыла, чыдамкай, чыйрак болгула, жарымыӊардан көбүӊөр кызыл диплом менен бүтүкүлө. Биздин окуу жайда көптөгөн ийримдер, долбоорлор бар, ошолордун баардыгына катышсаӊар болот. Улуттук университетте силер билим эле албай, спорт, маданий жана коомдук иштерге активдүү катышып, ар тараптан өнүккөн инсан болуп чыгышыңар керек. Сунуштар, идеялар болсо, айткыла. Силер университеттин келечегисиӊер, мыкты студент, активист болосуӊар деген ишеничтебиз. Ата-энеңердин, университеттин, өлкөнүн ишенимин актап, жакшы билим алгыла. Ийгилик каалайм!
Ректордун сөзүнөн кийин студенттик сенаттын төрагасы Күмүшбек Баатырбаев биринчи курс студенттерине университеттин сайты, социалдык баракчалары тууралуу маалымат берип, долбоорлор жана алардын жетекчилери менен тааныштырды.
Кыргыз-Европа факультетинин 4-курс студенти Азима Сейтканова Enactus долбоору тууралу студенттерге маалымат берип, аталган долбоорго кызыккандарды жана командага кошулууну каалагандарды 5-октябрь күнү саат 14:30да келип, толук маалымат алууга чакырды.
Факультет декандары жана институт директорлорунун атынан Бизнес жана менеджмент институтунун директору Меримкуль Керимкулова сөз сүйлөп, 22 факультет жана институттун атынан биричи курс студенттерин куттуктоо чоӊ сыймык экени билдирди. - Өзгөчө статус алган Улуттук университеттеги студенттик күндөрүӊөрдү эӊ жакшы элестер, билим алуу менен өткөргүлө жана жашоонун баардык тарабынан өнүгүп-өскүлө, - деди Меримкуль Керимкулова.
Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Кадыр уулу Алмазбек Кыргызстандагы 70ке жакын окуу жайдын ичинен Улуттук университетти тандап келгендиктери үчүн биричи курс студенттерине ыраазычылык билдирип, өзгөчө статусу бар университеттин студенти болуу алар үчүн чоӊ сыймык экенин белгиледи. Андан ары ал өзү жетектеген департамент тууралуу кыскача маалымат берип, “Акыл-жаштан, асыл-таштан” дегендей эле биз сиздерден креативдүү ой жүгүртүүнү, жаӊы идеяларды күтөбүз. Ата-энеӊиздер ишеним артып жөнөттү, сиздерге ден-соолук берсин! Окууӊуздарга ийгилик, - деди.
Иш-чаранын соӊунда жогорку курстардын атынан юридикалык институттун студенттик сенатынын төрагасы, 2-курс студенти Элдияр Намазбеков окууга жаӊы кабыл алынган студенттерди куттуктады.

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова КУУдагы эл аралык илимий-практикалык конференцияда доклад жасады
- Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда доклад жасады
- Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу Нурбекова С.Н. ПиП(б)-1-20 группасынын студенттерине ачык сабак өттү
- КУУнун студентерине “Жаңы күч” көркөм фильми көрсөтүлдү
- №7-жатаканада жашаган студенттер Универсиада оюндарында
- Ала-Тоо университетинин кафедра башчысы кесиптик колледждин студенттери үчүн дарс окуду
- №5-студенттик жатаканада "Ак демилге" коомдук фонду тарабынан ооз ачуу уюштурулду.
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери ишембиликке чыгышты
- Матфактын студенттик активи Бишкектеги №7-орто мектептин директору менен жолугушту
- № 7-жатаканада Нооруз майрамы белгиленди
- КУУнун студенттик кеңеши “Эки ооз сөз” аттуу жандуу маек өткөрдү
- Ага окутуучу Дубанаева С.А. чөлкөм таануу багытында билим алган студенттер үчүн кытай элинин маданиятына арналган ачык сабак өткөрдү
- Математика жана информатика факультетинин студенттери ишембиликке активдүү катышты
- География, экология жана туризм факультетинин эмгек жамааты студенттер менен биргеликте ишембилик өткөрүштү
- 7-жатакананын жашоочусу бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи
- Экономика факультетинин студенттери карылар үйүнө барышты
- Экономика факультетинин студенттери Баткендеги кагылуушуда жапа чеккен аскерлерге жана элге жардам көрсөтүштү
- 7-студенттик жатакана студенттери вахтерша кызматкерлерин куттукташты
- Педагогика факультетинин студенттери Бишкек шаарындагы “Свет” карылар үйүнө барышты
- Профессор Гулжамал Жаманкулова КРТКнын Маданият каналындагы Мамлекеттик тил күнүнө карата маекке катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Уфа шаарында өткөн эл аралык илимий конференцияга катышты
- Экономика факультетинин студенттери Ала-Арча жаратылыш паркына барып, эс алып келишти
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Ала-Арча" жаратылыш паркына барып келишти
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн панелдик дискуссияга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган тегерек столго катышты
- Педагогика факультетинин окутуучусу Сайкал Эсеналиева "Көкөтөйдүн ашы" темасы боюнча ачык сабак өттү
- Кыргыз филологиясы факультетинин жамааты студенттерге ооз ачырышты
- №7-жатаканада жашаган жалпы студенттер ооз ачышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-жыйындарга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-семинарга катышты
- Педагогика факультетинде "Мастер-классты өтүүнүн технологиясы" деген темада ачык сабак өтүлдү
- Педагогика факультетинин окутуучусу Мээрим Кубатбек кызы адабий иш-чара өттү
- Профессор Гүлжамал Жаманкулованын макаласы англис тилинде Нурсултанда жарык көрдү
- Педагогика факультетинде "Үйрөнүп жаткан тилдин практикалык курсу" боюнча ачык сабак өтүлдү
- Доцент Абдимомунова Апал Ч.Айтматовдун 93 жылдык мааракесине карата англис тилинде ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинде таймаш сабагы өткөрүлдү
- Ырым, сөзүм, элге жетип баркталармын; Кылымдарды аттап өтүп сакталармын
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Айдралиева Алима кызыктуу ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
Пресс меню
Администратордон
Абитуриенттердин ?-лору
- Модератор 31.07.2023 11:42
-
Модератор
31.07.2023 11:38
Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...
-
Бегимай
10.07.2023 18:14
Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында
Студенттердин ?-лору
-
Айсулуу
29.06.2023 22:07
Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?
-
Аскар Сманов
29.04.2023 13:33
Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...
-
Мумина
23.03.2023 02:13
Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Asel
24.07.2023 17:06
Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?
-
Элбек
10.07.2023 12:37
Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...
-
Ислам
05.12.2022 15:02
Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Жыпаркул
24.01.2023 10:32
Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????
-
Канышай
24.01.2023 10:28
Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...
-
Юрфак 2 курс спо
22.12.2022 03:10
Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Студенттин суроолору
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
Толугу менен...