Ишемби, Июль 27, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

ЖжКИ институтунун окутуучулары Кыргызстандын коммуникаторлор ассоциациясы тарабынан уюштурулган семинарга катышышты

0

2023-жылдын 12-сентябрында журналистика жана коммуникация институтунун профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү Кыргызстандын коммуникаторлор ассоциациясы тарабынан уюштурулган журналисттик билим берүү боюнча семинарга катышышты. Анда ЮНЕСКО жана Аль-Фараби атындагы КазМУ тарабынан ачык маалыматтык платформаларга жайгаштырылган, коомдук лицензия берилген онлайн окуу курстары боюнча маалымат алуу, үйрөнүү, талкуу жүрдү. Аталган иш-чарага КУУнун, БГУнун, Ала-Тоо  Эл аралык университетинин жана ОшМУнун өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук лицензия  алган программалар  боюнча маалымат менен ЮНЕСКОнун Алматыдагы бюросунун өкүлү Сергей Карпов, Кыргызстандын коммуникаторлор ассоциациясынын башчысы Элира Турдубаева тааныштырды. 

ЖОЖ өкүлдөрү ЮНЕСКОнун программаларынын негизинде иштелип чыккан онлайн курстардын презентациясын сунуштап, талкуулашты.

Журналисттик билим берүү программасынын алкагында ЮНЕСКОнун Алматыдагы  бюросунун өкүлү Сергей Карпов журналистика жана коммуникация институтунун директору Ш.Костюк менен жолугушуп, алгачкы журналисттерди даярдаган, өлкөдөгү журналисттик илимди негиздеген Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде конокто болду. Жолугушууда  институттун материалдык-техникалык базасы менен тааныштыруу уюштурулуп, андан сырткары журналистика боюнча ЮНЕСКОнун окутуу программаларын колдонуу жана таркатуу, илимий-изилдөө иштерин уюштуруу жаатында сөз болду.

Улуттук университеттин журналистика жана коммуникация институту ЮНЕСКОнун долбоорлору менен иш алып барган, кызматташтык алака түзгөн алгачкы окуу жайы. 1995-жылы журналистика факультетинин радиостудиясы ЮНЕСКОнун  Борбордук Азияда телекоммуникацияны өнүктүрүү багытындагы атайын техникалык гранттын негизинде уюшулган. 

1997-жылы факультеттин телестудиясы ЮНЕСКОнун Борбордук Азиядагы телекоммуникацияны өнүктүрүү багытындагы колдоо долбоорунун алкагында уюштурулган. Бул студияда киносценарист Кадыркул Өмүркулов, белгилүү оператор Манасбек Мусаевдин авторлугунда  “Очаг благодатных знаний” документалдуу фильми, Олег Гречко башында турган студенттер тобунун “Дуэль” фильми тартылган. Бүгүнкү күндө ал “Баласагын ТВ” студиясы деп аталат.

01

02

04

06

10

12

14

16

П.Джаныбекова - адис

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 158 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары